Сергей Лавров: Россия кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүгө ортомчу болууга даяр

Окуялар тизмеги 28 Май 2020 08:29
0 ой-пикир

Россия кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүгө ортомчу болууга даяр. Бул тууралуу Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров 26-майда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер министрлеринин онлайн жыйынында билдирди.

«Тажикстан менен Кыргызстан ортосунда чек арадагы курч кырдаал биринчи жолу болгон жок. Биз союздаштарыбызды диалог жүргүзүүгө, күч колдонуудан алыс болууга чакырабыз. Өзүбүздүн ортомчулук кызматыбызды сунуш кылууга даярбыз. Кырдаал канчалык тез тынчыса, ошончолук жакшы болот», — деди Россиянын башкы дипломаты.

Учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул билдирүү боюнча комментарий бере элек.

Эскерте кетсек, 26-майда Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин видеоконференция форматындагы жыйыны өткөн.

Ага Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Россиянын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери, ЖККУнун, ШКУнун башкы катчылары жана КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы-аткаруучу катчысы катышкан.

Куралдуу чыр-чатак кыргыз-тажик чек арасында маал-маалы менен болуп турат. 24-майда Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Сунган-Баба деген жайлоодо да чыр чыгып, атышуу болгон. «Азаттыктын» тажик кызматы андан Тажикстандын чек арачысы жарадар болгонун жазды. Кыргыз тараптан жарадар болгондор жок.

8-майда чыккан чатакта Кыргызстандын үч жоокери жарадар болгон. Алардын бири оор абалда Бишкекте ооруканада жатат. Тажик тарап бул окуяда эки жараны жараат алганын билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.