Анвар Артыков КСДПны жетектемей болду

Окуялар тизмеги 28 Май 2020 12:20
0 ой-пикир

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДП партиясынын жетекчилиги алмашып, саясий кеңешинин курамы өзгөрдү. Бул тууралуу партиянын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 26-майда КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны өтүп, ага 24 мүчөсү катышкан. КСДПнын жетекчисинин милдетин аткаруучу Асел Кодуранова Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүгө тартылгандыктан кызматынан баш тартып, Анвар Артыковго өткөрүп берген.

“Жыйында партиянын ичинде түзүлгөн кырдаал талкууланып, эч кандай чечим кабыл алынган жок. Төраганын орун басарлары Рыскелди Момбеков жана Кундуз Жолдубаева дагы саясий кеңештеги мүчөлүгүн токтотту. Бирок КСДПнын мүчөсү бойдон калды. Ирина Карамушкина саясий кеңештен да, партиядан да чыкты. Назгүл Мамытова саясий кеңештен кетти, бирок партияда калды. Ал эми Мээрбек Мискенбаев, Адиль Турдукулов жана Мирбек Айтикеев саясий кеңештен, партиядан дагы чыгышты”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин мурдагы президенттин тарапташтарынын ортосунда ажырым кеткени тууралуу маалыматтар тараган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.