Атамбаевдин уулдары жаңы партия түзүштү

Окуялар тизмеги 24 Май 2020 13:50
0 ой-пикир

Кыргызстандын саясый аренасында жаны саясий бирикме пайда болду. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулдары Сейитбек жана Кадыр башында турган «Кыргызстан социал-демократтары» партиясы түзүлдү. Алардын айтуусу боюнча, саясий ишмердүүлүгүн жаңы баштаган «Кыргызстан социал-демократтары» Атамбаев өз убагында жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясынына (КСДП) тиешеси жок.

Жаңы партия 2019-жылдын декабрь айында Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өткөн. Жетекчи катары Жыргалбек Ишенов аттуу жаран жазылган. Аталган партия күзүндө боло турган парламенттик шайлоого катыша турган амбициясы бар экендиги айтылууда.

Алмазбек Атамбаевдин эң бир жакын тарапташы, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жаңы партия жана КСДПнын тегерегинде түзүлгөн кырдаалды ачыкка чыгарды.

«КСДПнын убактылуу лидери Асел Кодуранова менен Кундуз Жолдубаева Алмазбек Атамбаевди ачык колдобой калышкан. Адил Турдукулов тарапка ооп, Атамбаевди сатып кеткен Туйгуналы Абдраимов менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткандарын эске алып, биз “Кыргызстан социал-демократтары” деген ат менен жаңы партия түзүп, каттоодон өткөрдүк. Мындан ары биздин партиянын бардык иш-чаралары жана жолугушуулары Адил Турдукулов, Кундуз Жолдубаева жана Асел Кодурановасыз өтөт”, — деп жазган эл өкүлү Фейсбуктагы баракчасына.

Мурдагы президенттин тарапташтарынын ортосунда ажырым кеткени тууралуу Ирина Карамушкинадан башка эч ким кенен комментарий бере элек.

Эске сала кетсек, 26-май күнү Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин кезектеги отуруму өтөт. Жыйында партиянын ички маселелери жана өлкөдөгү кырдаал талкууланышы күтүлүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.