ИИМ: Эл аралык издөөдөгү Райкүл Жапарова Польшадан кармалды

Окуялар тизмеги 26 Май 2020 09:44
0 ой-пикир

Эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол аркылуу да издөөгө алынган Райкүл Жапарова Польша Республикасынын аймагынан кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Райкүл Жапарова Бишкек шаарынын Октябрь райондук жана Бишкек шаардык соттору тарабынан сырттан чечим чыгарылып, 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 30-183-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу), 166-беренеси (алдамчылык) менен 221-беренесинде (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгары укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) көрсөтүлгөн кылмыштарга күнөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Райкүл Жапарова эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол аркылуу издөөгө алынган.

«Интерполдун маалыматы боюнча, Райкүл Жапарова 2020-жылдын 22-майында Польшанын аймагынан кармалган. Учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Райкүл Жапарованы Кыргыз Республикасына экстрадициялоо маселелери чечилип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапаровага 2007-жылы апрель айында ошол кездеги президенттин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкын» тартып алган деген билдирүүнү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы таркаткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.