Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапаровага эл аралык издөө жарыяланган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка караганда, Райкүл Жапарова 2007-жылы апрель айында ошол кездеги президенттин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкын» тартып алган. Ошол эле жылдын август айында банктын башкармалык кеңешинин төрайымы болуп шайланган.
2010-жылдын 13-апрелинде Б.Б. аттуу жаран «Ысык-Көл инвест банкын» рейдерлик жол менен тартып алган фактысы боюнча Башкы прокураратурага кайрылган. Жыйынтыгында Бишкектеги Октябрь райондук соту 2014-жылы октябрда Райкүл Жапарованы Кылмыш кодексинин 30-183-беренелери (кошулуп кылмыш кылуу, арам акчаларды адалдоо) боюнча айыптуу деп таап, жети жылга эркинен ажыраткан. 2015-жылы апрелде ага дагы эки берене Кылмыш кодексинин 221-беренеси (коммерциялык ишканада кызмат абалынан пайдалануу), 166-берене (алдамчылык) боюнча кошумча айып коюлган.
2015 жылдын 3-апрелинде Бишкек шаардык соту Жапарова Райкүл Нуркожоевнаны мүлкүн конфискациялоо менен он жылга эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыгарган. 2015-жылы 23-сентябрында Жогорку сот мурунку чечимдерди күчүндө калтырган.
Учурда Райкүл Жапаровага эл аралык издөө жарыяланган, деп айтылат Бишкек ШИИБтин маалыматында.
Бул кларга ищи жок чимкриктердин ищи садыр жапаровтун жолун тосучухарамдардын иши