Жээнбеков Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Сыдыков менен жолукту

Окуялар тизмеги 22 Май 2020 17:10
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда, Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директор Аскар Сыдыков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы бардык мамлекеттик стратегиялык документтерде негизги багыттар катары ишкерликти колдоо жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү көрсөтүлгөндүгүн белгиледи.

Ишкердик жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртуу жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун көтөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен кошо бир катар системалуу көйгөйлөр болуп жатканын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков буга байланыштуу мамлекеттик органдар менен бизнестин ортосундагы конструктивдүү диалогду күчөтүүнүн маанисин баса белгиледи.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Өнөржайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет иштеген мезгилде бир катар оң натыйжалар болгонун — Өнөржайды өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынгандыгын, жеңил өнөр жайы үчүн жеңилдиктер түзүлгөнүн, жакын арада укук коргоо органдарынын ишкерлерге кошумча төлөмдөрдү салууга түрткү берген Өкмөттүн токтому жокко чыгарылаарын жана башка иштер жасалганын белгиледи.

Бир жылга жетпеген убакта экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү жана ишкерлердин көйгөйлүү маселелерин чечүү боюнча жалпы жонунан 152 сунуш иштелип чыккандыгын баса белгиледи.

Аскар Сыдыков ошондой эле Башкы прокуратуранын түзүмүндө ишкерлер менен иштөө боюнча атайын бөлүмдү түзүү бизнес өкүлдөрүнөн жакшы пикирлерге ээ болгонун билдирди.

Ошону менен бирге Комитеттин бир катар чечимдери азыркыга чейин толук көлөмдө аткарыла электигин кошумчалады.

Буга байланыштуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору экономиканы жөнгө салууда реформаларды ишке ашыруу зарылдыгы жөнүндө пикирин айтты.

Ошондой эле Аскар Сыдыков түзүлгөн кризистик кырдаалга карабастан, ата мекендик экономикада айыл чарба, энергетика, тоокен өнөржайы жана башка чөйрөлөргө инвестиция тартуу боюнча көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.