УКМК: Шадиевдин аялы кылмыш жолу менен табылган кирешени легалдаштырган деп шек саналууда

Окуялар тизмеги 22 Май 2020 22:28
0 ой-пикир

Издөөдө жүргөн Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевдин аялы кылмыш жолу менен табылган кирешени легалдаштырган деп шек саналууда. Бул тууралуу 22-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, «2010-2017-жылдары Шадиев «мүлктүн кылмыштуу булагын жашыруу максатында жубайы Асел Шадиевага каттатып койгон» жана азыркы тапта буга байланыштуу кылмыш иши тергелип жатат.

УКМКнын басма сөз кызматы: «Экөөнө тийиштүү активдер жана алардан көргөн кирешеси ошол кездеги бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн суммадан кыйла көп. Иш боюнча чогулган материалдар Асел Шадиева кылмышка катышканын айгинелеп турат. Тергөө ага тийиштүү юридикалык баасын берди» деп билдирди.

Атайын кызмат ошону менен катар Жазык-процессуалдык кодекстин 18-беренесине ылайык жазык соттук териштирүү тең укуктуулук жана тараптардын атаандаштыгынын негизинде жүргүзүлөрүн белгилеп, Шадиева өзүнүн актыгын далилдей турган түшүндүрмөлөрүн бергени туура болорун эскертти.

Эскерте кетсек, бүгүн Аскар Шадиевдин аялы Асель Шадиева кайрылуу жасап, жолдошунун күнөөсү жок экенин, ак жерден соттолуп кеткендигин билдирген.

Башкы прокуратура алгач Аскар Шадиевге карата КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганына байланыштуу «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Шадиевдин качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча да иш ачылган. 2018-жылдын 25-декабрында Биринчи май райондук соту бул иштер боюнча чечим чыгарып, Шадиевди он жылга эркинен ажыраткан. Үй-мүлкү конфискацияланган. Ага издөө жарыяланган.

Мындан тышкары, Шадиевге «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып коюлган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.