Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн.
30 жылдан бери парламентти реформалай албай жатканыбызга таң калам. Кытай, Сингапур, Түштүк Корея, Малайзия, Чили, Тайвань сыяктуу айрым өлкөлөр бул убакыт аралыгында заманбап, өнүккөн, демократия орногон, экономикасы күчтүү, жашоо деңгээли жогору өлкөлөргө айланышты. Бизде эмне туура эмес болууда? Колу-бутубуз башка жактан өсөбү? Же башыбыз жокпу?
Мен Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенде мыйзамдар кандай кабыл алынарын көрүп, абдан жаман болгом. Бул парламентаризм теориясы талап кылган нерсе эмес эле. Теория менен практиканы шайкеш келтирүүгө болгон аракеттериме катуу каршылыктар болду. Көнүп калган адаттан эч ким арылгысы келген жок. Көрсө, кеп билимдин жетишпегенинде, консерватизмде, демократияны түшүнбөстүктө, рынок экономикасында жана анын механизмдеринде эле эмес, өзгөрүүнү каалабагандыкта экен. 10 жылдан бери иштеп жаткан Жогорку Кеңеш эл аралык келишимдерди кантип туура ратификациялоо керектигин, мыйзамдарды 1-2-3-окууда туура кабыл алууну, Өкмөттү жана башка бийлик институттарын көзөмөлдөөнү билбейт экен. Парламенттин трибунасына туруп алып бакырганды, сөгүнгөндү, урушканды, баяндамачыларга катуу тийүүнү көзөмөлдөө ыкмасы катары түшүнүшчү. Министрлер мыйзам долбоору тууралуу маалымат берүү үчүн жумалап күтүп турушчу. Жада калса Жогорку Кеңештин аталышы туура эмес болчу. Парламент — бул элдин жыйналышы, кеңеш эмес. Ал эми Кеңеште эки жыйналыш болчу – мыйзам чыгаруу жана эл өкүлдөр жыйыны.
IV чакырылышта Европа биримдигинин жана ПРООНдун парламенттик долбоорунун, эксперттер тобунун жана депутаттардын жардамы менен мыйзам чыгаруу жана көзөмөлдөө деңгээлин, парламенттик процедуралардын жана механизмдердин жолдорун жакшылап билип алууга шарт түзүлдү. Жогорку Кеңеш заманбап парламент катары иштеп баштады жана чет элдик донорлордун жана эксперттердин күлкүсүнө калбай калды. Дагы бир чакырылыш келсе парламенттик реформа аягына чыкчудай жана ал өлкөнү башкарууну үйрөнчүдөй сезилчү. Бирок эки “төңкөрүштөн” кийин парламентке саясаттан алыс болгон жаңы жүздөрдүн келиши ата мекендик парламентти кайра артка тартты. Мындай көрүнүш мурда акылдуу жана тажрыйбалуу депутаттар, эксперттер, кызматкерлер иштеген Жогорку Кеңеште болуп жатканын элестетүү кыйын эле.
Азыр бактыга жараша парламентаризм тууралуу китептер толтура. Шайлоо босогосундагы 5 же 7 пайыз тууралуу талашып-тартышуунун кажети жок. Эмнени тандаш керек, кайсындан баш тартуу керек деп дагы баш катыруу зарыл эмес. Бул суроолордун баарына бизге чейин эле жооп жазылган. Байыркы гректерге, римдиктерге, индустарга, вавилондуктарга, византиялыктарга англичандарга, француздарга, америкалыктарга ж.б. рахмат. Алардын жардамы менен парламенттик тажрыйба бар болуп, парламентаризм теориясы түзүлгөн. Ал эми парламентаризм тууралуу китептерде жакшы гана эмес, африкалык өлкөлөрдүн жаман тажрыйбалары дагы камтылган. Балким, биз дагы ал катарда барбыз. Жогорку кызматта отурган бир саясатчы менен талашканым дагы деле эсимде, ал мыкты мисал катары Жогорку Вольтаны мактаган эле… Парламентаризмдин мыкты үлгүлөрүн япониялыктар, сингапурлуктар жана түштүк кореялыктар көчүрүп алышкан. Себеби аларда эң жакшысын алуу деген улуттук мүнөз бар. Алар жаман тажрыйба болсо дароо таштандыга ыргытышат.
А биз болсо таштандыны иргегенге аракет кылып эле, убактыбызды текке кетирип жатабыз. Анан эч нерсе окшобой жатканына таң калып коебуз. Бир эле нерсени улам-улам талкуулай бергендин канчалык зарылчылыгы бар?
Эми биздин парламентаризмди эмне кылуу керек? Эмнеден башташ керек? Азыр коомчулук Жогорку Кеңештин ишине нааразы болуп, ар кандай реформалоо жолун сунуштоодо. Бизде парламент кечээ эле пайда болгондой сунуштардын көптүгүн сурабаңыз. Себеби анын көп түрү бар да. Бул 5 же 7 пайыз, мажоритардык же преференциалдык шайлоо гана эмес. Бул саясий партиялар, калк, маданият, менталитет, экономиканын мүнөзү ж.б. Демократия жана парламентаризм — бул шаар маданиятынын өнүмү. Өлкө калкынын көп бөлүгү шаардык болушу керек. Экономика индустриалдык же жок дегенде индустриалдык-агрардык болушу керекю Биздегидей агрардык-чийки заттык эмес. Мындай демократияны эмес, феодалдык мамилени жаратат.
Партиялар демократиялык болушу керек. Өлкөдө чыныгы консервативдик, либералдык жана социал-демократиялык партиялар болушу керек. Руанданын президенти Поль Кагаме азыр мунун үстүнөн активдүү иш алып барууда. Африкада алгачкы жолу мындай партияларды түзүп, экономикалык өсүш багытында айрым жетишкендиктерге жетти. Себеби парламент отура бербей ар кандай идеяларды, долбоорлорду сунуштап баштады. Биздин КСДП же россиялык ЛДПР менен алмаштырып албагыла. Биздин парламентаризмдин көйгөйү – билимдүү, күчтүү мүнөзгө ээ болгон, принципке темирдей бекем турган, жоопкерчилиги жогору болгон адамдардын жетишпегени.
Эми бизге кандай модель керектиги тууралуу.
1. Өкүлчүлүк парламенти. Өкүлчүлүк орган катары калктын ар түрдүү катмарынын кызыкчылыгын коргой турган адамдардан түзүлүшү керек. Совет доорундагы Жогорку Совет ушундай болчу – дыйкандардын, эркектердин, аялдардын, карыялардын, жаштардын ж.б. парламенти болуп, алар мыйзам катары партиялык директивдерди бекитишчү. Бул жерде ашыкча акылдын деле кереги жок.
2. Мыйзам чыгаруучу парламент башка болот. Бул жерде тажрыйбалуу юристтер, экономисттер болушу шарт, себеби мыйзамдардын көбү экономикага тиешелүү. Бул жерде акыл жана тажрыйба зарыл.
3. Мырзалар клубу парламенти. Бул жерде өлкөнүн мен мен деген саясатчылары чогулуп, элди келечекке багыттайт. Бул жерде тандоо критерийлери болот, ар бир депутат премьер-министр болушу мүмкүн. Бул жерде лидердик сапаттар, акыл жана тажрыйба маанилүү.
4. Улуттук кызыкчылыкты коргогон парламент. Бул парламенттен бийлик органын түзүү аракети, жогоруда аталган моделдерге тиешелүү белгилердин баары тиешелүү. Башкача айтканда, бул бир эле убакта өкүлчүлүтүн, мыйзам чыгаруунун, саясатчылар чогулган парламенттин ролун ойнойт. Демек, ар бир топтон бир аздан дегендей.
5. Башка моделдер да бар – Англиядагыдай автономдуу же азыркы биздегидей көз каранды парламент. Бул демократиялык институттар алсыз болгон, парламентти жогорку бийлик органына айланта албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө тиешелүү.
Биздин жарандарды кайсынысы кызыктырат билбейм. Айрымдар парламентти такыр эле жоюп салалы деп да чыгышууда. Айрымдар байыркыдай эле курултайлар болсун деп да чыгышты. Түркменияда ушундай парламент бар, Халк маслахаты деп аталып, 2-3 миң депутаттан турат. Ал толугу менен президент тарабынан башкарылат, себеби анын ишмердүүлүгү дагы президент тарабынан каржыланат. Түркменияда 3 парламент бар, жогоруда аталгандан сырткары аксакалдар кеңеши-уруулардын жыйналышы жана 50 депутаттан турган Межлис бар.
Парламентаризмдин келечектеги моделинин негизин тандап алуу үчүн төмөнкүлөрдү айтам. Парламенттин моделин тандап жатканда биз жеткибиз келген максатты аныкташыбыз керек. Бизде Жогорку Кеңеш тажрыйбалуу, эффективдүү орган болуп, өлкөнүн өнүгүүсүнө жол ачып, элдин жашоосун жакшыртса эл ыраазы болмок. Демек, жогоруда аталган моделдердин ар биринен бир аздан болуусу керек.
Бул тарыхый очеркти жаздым, себеби биз өтө майдаланып бара жатабыз, эч кандай эмгек кылбай, аракети жок эле көп нерсеге жетишип алгыбыз келет, өзүбүздүн үстүбүздөн узакка иштеп, өнүккүбүз келбейт, ошондуктан эч кандай алгылыктуу иштер аткарылбай келет. “Жаса, жаса” деген иштебейт. Биз баарыбыз ушул режимде жашап жатабыз – бийлик дагы, жарандык коом дагы. Ошондуктан ишке болгон мамилени өзгөртүп, олутту, максаттуу болуу зарыл. Бул сабак ушул тууралуу.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.
Сүрөт: Sputnik Кыргызстан