Джамиля Дандыбаева — атайын Elgezit.kg үчүн
Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу материалдарды даярдоо, буга чейин сүзө албаган адамга Ысык-Көлдү сүзүп өтүү сыяктуу. Бул жөнөкөй маселе эмес. Бир нече күн бою интернетте кызыккан суроолорума жооп берүүгө даяр болгон практик-психологдорду жана эксперттерди табууга аракет кылдым. 111 телефон номеринин адисинен жооп күтүп отуруп, убактым короду, алдын ала маек аларым тууралуу сүйлөшүү болгонуна карабастан, ал эч нерсе түшүндүрбөй, жөн гана байланышты үздү.
Маанайым улам чөгүп баштады. Адамдарга болгон ишеним гана сактап калды. Отчетторун жана жолугушууларын жылдырып, маанилүү нерселер жөнүндө айтып бергендер болду. Алардын алгачкысы клиникалык психолог Перизат Асылбаева. Ал психология багытында 10 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет, кыйноолордун жана зомбулуктун курмандыктарына дагы жардам берип келет. Пандемия жана обочолонуу менен байланышкан көйгөйлөрдүн жана аларды чечүү жолдорунун жоктугунан улам көпчүлүк адамдарда нааразычылык туулуп жатканын билдик… — Ковид кырдаалга кандай таасир эткен? Ковид учурунда зордук-зомбулук көбүрөөк болуп жатабы? — Калк COVID-19ду ар кандай кабыл алып жатат. Көбүнчө стресс жана нааразычылык, анткени бул пандемияга биринчи жолу бүтүндөй дүйнө туш болду. Ковидге реакция кылгандарды үч түргө бөлүүгө болот: кооптонуу, коркуу, чыңалуу болгондуктан жана көйгөйдү кантип чечүү боюнча так маалымат жоктугунан стресс реакциясы. Экинчи тип — тануу (кырдаалды четке кагуу, ишенбөөчүлүк жана шектенүү). Кээ бир адамдар бул вирустун бар экендигин танууну жактырышат. Балким, бул аң-сезимде пайда болгон коргонуу механизми. Үчүнчүсү – жоопкерчиликтүү адамдардын реакциясы.
— Сиздин оюңузча, өлкөдөгү экономикалык кырдаалга байланыштуу аялдарга кыйынчылык жаралуудабы?
— Карантин маалында көптөгөн маалымат булактары үй-бүлөлүк зордук-зомбулук биздин өлкөдө гана эмес, башка мамлекеттерде дагы көбөйгөнүн жазып жатышты. Көбүнчө пандемия эмес, COVIDге байланышкан чектөөлөр: үйдөн чыкпоо, ишинен айрылуу, насыяларды төлөө маселеси, окуучулардын онлайн окуусу стресске кабылтып жатты. Үй-бүлөлөрдө уруш-талаш көбөйдү. Айрым үй-бүлөлөрдө кыжырданууну жана агрессияны пайда кылды.
— Карантин учурунда кризистик борборлор ачык болдубу? Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркап кайрылгандардын саны көп болдубу?
-Кризистик борборлордо азыр абал кандай экенин билбейт экенмин, бирок алардын айрымдары кадимки эле режимде иштеп жатышты.
— Бийлик тарабынан киргизилген карантинди зомбулуктун катализатору деп атоо туурабы? — Мен көрүлүп жаткан чараларды зордук-зомбулуктун «катализатору» деп атамак эмесмин, анткени ошол мезгилде кырдаал ушундай чечимди талап кылган, анын максаты биринчи кезекте вирустун жайылышын алдын алуу болгон. Бул абал системалык деңгээлде көптөгөн көйгөйлөр бар экенин көрсөттү. Аларды чечүү үчүн мамлекеттик органдар үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо тууралуу алгоритм иштеп чыгуусу керек. Мисалы, “коргоо ордери” боюнча механизм жабыркаган тараптарды коргоого кепилдик болуп бербейт. Бизге жабырлануучулар үчүн мамлекеттик баш калкалоочу жайлар, кылмышкер менен психокоррекциялык иштөө программалары керек, эгер тереңирээк карай турган болсок, зомбулуктун алдын алуу билим берүү жана баалуулуктарды жайылтуу, үй-бүлөнүн функциясын түшүнүү жана зомбулуксуз баарлашуу көндүмдөрүн өркүндөтүүдөн башталат.
— Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук балага кандай таасир этет жана мындай оор кырдаалга кабылбаш үчүн эмне кылуу керек? — Түз же кыйыр үй-бүлөлүк зомбулук ар дайым баланын психо-эмоционалдык, физикалык жана кээ бир учурларда интеллектуалдык өнүгүүсүнө таасирин тийгизүүчү кесепеттерге алып келет. Көптөгөн изилдөөлөр ырастагандай, бала кезинде терс көрүнүштөрдү баштан кечирген балдар (кыянаттык, зомбулук, өнөкөт стресс) узак мөөнөттүү келечекте дагы кесепеттерге дуушар болушат. Тынчсыздануу, коркуу сезими, депрессияга жана суицидге жакындоо, жүрүм-турум көйгөйлөрү, психосоматикалык оорулар, көз карандылык — үй-бүлөлүк көйгөйлөрдүн кесепеттеринин бир бөлүгү гана болуп саналат.
— Эмне үчүн адам үй-бүлө мүчөлөрү менен сүйлөшүүдөн чарчайт психолог катары айта аласызбы, балким ал кичинекей балдар жана башка туугандар менен дайыма сүйлөшүүдөн чарчагандыктанбы?
— Себептер ар кандай болушу мүмкүн, кээде бир нече себептер болот. Булар жеке көйгөйлөр болушу мүмкүн, же системалык көйгөйлөр болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө дагы, мамиледе кыйынчылыктар болсо, көйгөйдү адистердин жардамы менен чечиш керек.
Статистика эмне дейт?
Кылмыштардын жана жоркутардын бирдиктүү реестрине ылайык, Кыргызстанда гендердик кылмыштар боюнча иштердин дээрлик 89% токтотулуп, сотко жетпей калат! Төмөндө расмий маалыматтардан мисалдарды келтирип кетейин:
• Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка дуушар болот (Кыргыз Республикасынын Демографиялык жана саламаттыкты сактоо боюнча изилдөөсү).
• Үй-бүлөлүк зомбулуктун катталган фактыларынын саны жыл сайын көбөйүүдө. Ошол эле учурда орто эсеп менен акыркы 10 жыл ичинде аялдарга карата зомбулук көрсөткөндөрдүн 96%ы эркектер жана булар негизинен аялдарын сабаган күйөөлөр. 5 зомбулуктун ичинен 4өө алкоголдук ичичмдиктерди ичкен эркектер тарабынан жасалат жана алардын көбү жумушсуз жүргөндөр (Ички иштер министрлиги).
• Кыргызстанда ар бир үчүнчү аял күйөөсү аялын урууга укуктуу деп эсептейт, мисалы, анын уруксатысыз үйдөн чыгып кетүү, өрттөлгөн тамак-аш, жакын төшөк мамилесинен баш тартуу, күйөөсүнө каршы чыгуу жана үй жумуштарын жасоону каалабоо (Көп индикатордук кластердик сурамжылоо, УСК жана ЮНИСЕФ).
• Аялдарга жана кыздарга каршы жасалган кылмыштардын дээрлик 89%ы кыскарган жана 11%ы гана сотко жиберилген (Прокурордун көзөмөлү жана кыздарга жана аялдарга карата жасалган кылмыштарды тергөө ишиндеги ролу изилдөөлөрү, Кыргыз аял соттор ассоциациясы).
• КР КЖнын «Үй-бүлөлүк зомбулук» тууралуу 75-беренесине ылайык, жоркутардын 70% дан ашыгы сотко чейинки өндүрүш стадиясында токтотулат. Буга жабыр тарткан аялдар тосмо арыз жазып, тараптардын жарашуусу негиз болот. (Прокурордун көзөмөлү жана кыздарга жана аялдарга карата жасалган кылмыштарды тергөө ишиндеги ролу изилдөөлөрү, Кыргыз аял соттор ассоциациясы).
•Жоруктар тууралуу 56 иштин ичинен төртөө боюнча гана соттун айыптоо чечими чыгып, калгандары токтотулган. (Прокурордун көзөмөлү жана кыздарга жана аялдарга карата жасалган кылмыштарды тергөө ишиндеги ролу изилдөөлөрү, Кыргыз аял соттор ассоциациясы).
Зомбулуктан жапа чеккендерге кантип жардам бере алабыз?
Коомчулукка маалымат жеткирүү жумуштун бир гана бөлүгү. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу кырдаалды оң нукка буруш үчүн мүмкүн болгон иш-аракеттерди жасагандар бар. Мисалы, жакында гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк программа башталды жана ал 12-декабрга чейин уланат. «Зомбулукка жол жок» акциясы да ишке кирди.
Бул демилгенин авторлорунун бири Алина Касенова b2b globe жана БУУнун Кыргызстандагы өнүктүрүү программасы Оштогу «Ак жүрөк» кризистик борборуна каражат чогултуп жаткандыгын айтты. Бул борбор түштүктө кыйын кырдаалга туш болгон 20 миңден ашуун аялга акысыз башпаанек менен камсыз кылып жана социалдык колдоо көрсөткөн.
Бул акцияга ар бириңиздер, урматтуу окурман, кошула аласыздар. Жарманкеден каалаган буюмду сатып алуу менен, сиз зомбулукка кабылгандарга жардам берип, аялдарга карата зомбулук мамилеге макул эместигиңизди билдиресиз.
Сүрөт интернеттен алынды