Атамбаевдин уулу абактагы атасынын ден соолугуна кооптонгонун билдирди

Окуялар тизмеги 22 Май 2020 16:49
0 ой-пикир

Бүгүн, 22-майда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек атасынын ден соолугу кескин начарлап кеткенин билдирди. Бул туурасында ал Фейсбуктагы баракчасына жазган.

«Атамдын абалы кескин начарлап, өзүн жаман сезип жатат», — деп жазган Сейитбек Атамбаев.

Ал «эмне үчүн Алмазбек Шаршеновичке коронавирус жоктугу тууралуу аныктамасы бар жакындары менен көрүшүү кооптуу, ал эми Кой-Таш окуясы боюнча сотто коронавируска текшерилгени тууралуу аныктамасы жок ондогон адамдардын арасында болуу кооптуу эмес экени түшүнүксүз» — деп кошумчалады.

Ошону менен катар ал атасына «өтө чоң моралдык басым жасалып жатканын, бирок ал даттангысы келбей турганын» белгиледи.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сейитбек Атамбаевдин айткандарын дароо төгүндөдү. Атайын кызмат тараткан маалыматта «азыркы учурда Алмазбек Атамбаевдин абалы туруктуу. Эч кандай даттануусу жок. Ал күнү-түнү дарыгерлердин байкоосунда» деп айтылат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.