Президент: Коррупцияга аралашкандардын бардыгы тийиштүү жазасын алышы керек

Окуялар тизмеги 20 Май 2020 13:17
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алды.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, өлкөдөгү коррупцияга каршы багытталган чаралар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат угулду.

Президент мамлекеттик башкаруунун бардык чөйрөлөрүндө жана экономиканын тармактарында коррупциялык көрүнүштөрдүн тамырын кыркуу боюнча пландуу иштерди улантуунун маанилүүлүгүн билдирди.

Сооронбай Жээнбеков коррупцияга аралашкандардын бардыгы ээлеген кызматына, наамына жана мурдагы жетишкендиктерине карабастан, тийиштүү жазасын алышы керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин катчылыгы көз карандысыз серепчилер менен кызматташтыкта өлкөдөгү коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жок кылуу боюнча 2020-2024-жылдарга карата жаңы Мамлекеттик стратегиясынын долбоорун иштеп чыккандыгы тууралуу билдирди.

Аталган долбоор 2020-жылдын 11-майында ишке тартылган бардык мамлекеттик органдарга, анын ичинде Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, Башкы прокуратуранын жана Жогорку Соттун кароосуна жиберилген.

«Стратегиянын иштелип чыккан долбоору бүгүнкү күндүн чакырыктарына жана коркунучтарына жооп берет, мамлекеттик органдардагы бардык коррупциялык көрүнүштөр менен системдүү күрөшүүгө багытталган жаңы антикоррупциялык механизмдерди иштеп чыгууну жана киргизүүнү караштырат. Ал өлкөнүн антикоррупциялык тийиштүү саясатын күчтөндүргөн бир катар жаңы тартиптерди эске алат», — деди Дамир Сагынбаев.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы бирдиктүү салык декларациясын толук текшерүү үчүн негиздерди экиден сегизге чейин көбөйтүү каралып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, учурда колдонуудагы мыйзамдарда бирдиктүү салык декларациясын толук текшерүү үчүн эки гана негиз каралган (маалыматтардын чындыкка дал келбеши жана кирешелери менен чыгашаларынын туура келбегендиги жөнүндө маалыматтардын келиши). Бир катар чет мамлекеттердин тажрыйбаларын иликтөөнү эске алуу менен мыйзам долбоору аркылуу декларацияларды толук текшерүү үчүн бул тизмени дагы алты негиз менен толуктоо каралууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.