Президент: Жарандар арызданган судьяларга карата талаптар күчөтүлүшү керек

Окуялар тизмеги 15 Май 2020 17:27
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-майда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын төрайымы Нургүл Бакированы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Тартип комиссиясынын учурдагы ишмердүүлүгү, өлкөдөгү судьялардын аракеттерине (аракетсиздигине) карата кайрылуулар, кабыл алынган чечимдер, ошондой эле комиссиянын ишин жакшыртуу боюнча белгиленген пландар жөнүндө маалымат берилди. Ага ылайык, 223 кайрылуу боюнча судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган, алардын ичинен 18 судьяга сөгүш жарыяланып, ал эми 155 судьяга алдын ала эскертүү, 42 судьяга эскертүү берилген.

Кынтыксыз болуу талаптарынын бузулушуна байланыштуу 8 судьяга карата мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө таза иштеген судьялар аз эмес экендигин, бирок ага карабастан айрым судьялар кынтыксыз болуу талаптарын бузган фактылар болуп жатканын белгиледи.

Мамлекет башчысы Тартип комиссиясынын судьялар корпусунун тазаланышында, жалпысынан сот системасына ишенимди бекемдөөдө өзгөчө ролуна токтолду.

Президент судьялардын аракеттерине карата түшүп жаткан жарандардын кайрылуулары боюнча талаптарды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Эске сала кетсек, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы 2017-жылы түзүлгөн. Бул комиссия судьяларды жоопкерчиликке тартуу маселелерин карайт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.