Кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлери эскерилди

Окуялар тизмеги 15 Май 2020 14:25
0 ой-пикир

Бүгүн, 15-май кызматтык милдетин аткарып курман болгон Ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү күнү. Өз өмүрүн мекенине арнаган инсандарды ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полку эскерди.

Укук коргоо органдарынын кызматы коомдогу эң бир кооптуу жоопкерчиликтүү жана ыкчамдыкты, тактыкты талап кылган кесип экендиги талашсыз. Милиция кызматкерлери кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөшүүдө ар күнү өз өмүрлөрүн тобокелге салып, кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткарып ар кандай кырдаалдарда кызмат өтөп антына бекем туруп, өз эл журтун коргоп эрдиктердиктерин көргөзүшүп келет. Ал эми ошол эрдиктер, жеңиштер айрым учурларда жоготуулар менен коштолот. Дал ушул күнү ар бир милиция кызматкери курман болгон кесиптештерин эскерет.

Бүгүн “Шумкар” атайын багыттагы полкунун командири, милициянын полковниги А.Султаналиев жана ардагерлер кеңешинин төрөгасы Исаев С.И баштаган өздүк курам курман болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрү менен жолугуп, баатыр кесиптештерин эскеришти.

Кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлери:

1. Милициянын улук лейтенанты Туйтунов Муратбек Базарбекович, ИИМдин атайын багыттагы милиция отрядынын 1-рота командиринин орун басары, 2000-жылы 11-сентябрда Чаткал районунун Ак-Сай айылында куралдуу каракчылар менен болгон салгылашууда курман болгон.

2. Милициянын кенже сержанты Накидкин Дмитрий Викторович, ИИМдин атайын багыттагы милиция отрядынын көмөкчү ок атуу взводунун милиционер-снайпери, 2000-жылы 11-сентябрда Чаткал районунун Ак-Сай айылында куралдуу каракчылар менен болгон салгылашууда курман болгон.

3. Милициянын улук сержанты Тугельбаев Мирдин Жекшенбекович, ИИМдин кинология борборунун борборунун кинолог-милиционери, 2000-жылы 11-сентябрда Чаткал районунун Ак-Сай айылында куралдуу каракчылар менен 6 саатка созулган салгылашууда 24 жаш курагында баатырларча курман болгон.

4. Милициянын кенже сержанты Сайдинов Нурланбек Жанышович Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын атайын отрядынын взвод командири, 2004-жылдын 20-ноябрында Ош шаарында террорчулар менен болгон кармашууда курман болгон.

5. Милициянын старшинасы Сарыбаев Улан Молдобекович, ИИМдин атайын багыттагы милиция отрядынын 2-ротасынын чабуул тобунун милиционери, 2006-жылдын 12-майында Баткен облусунун Кадамжай районуна Тажикистандан кирип келген согушчандар тобун жок кылууда курман болгон.

6. Милициянын старшинасы Жумакадыров Өмүрбек Султанович, ИИМдин тез чара көрүү атайын отрядынын 1 бөлүмдүн ыйгарым укуктуу ыкчам милиционери, 2007-жылдын 19-январында Аламедин районунун Пригородное айылында уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү, өзгөчө оор кылмыштарды кылгындыгы үчүн издөөдө жүргөн Нарматовду кармоодо курман болгон.

7. Милициянын сержанты Жаанов Уланбек Садыкович, ИИМдин тез чара көрүү атайын отрядынын 2-бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу милиционери, 2011-жылдын 22-ноябрында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон.

8. Милициянын капитаны Исмаилов Толобек Эсенбекович, ИИМдин тез чара көрүү атайын отрядынын күжүрмөн кызмат даярдык боюнча улук инспектору, 2015-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарынын Достук кичирайонунда экстремист Итибаевди кармоо операциясында курман болгон.

9. Милициянын прапорщиги Молдожакыпов Нургазы Илимгазиевич, ИИМдин атайын багыттагы полкунун камсыздоо взводунун айдоочу-милиционери, 2014-жылдын 11-апрелинде кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон (Ош шаарындагы 3-батальонго атайын каражаттарды жеткрүү учурунда Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Чычкан капчыгайында автоунаа оодарылып кеткен).

10. Милициянын старшинасы Джоробеков Максат Эсенжанович, ИИМдин атайын багыттагы полкунун камсыздоо взводунун айдоочу-милиционери, 2014-жылдын 11-апрелинде кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон (Ош шаарындагы 3-батальонго атайын каражаттарды жеткирүү учурунда Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Чычкан капчыгайында автоунаа оодарылып кеткен).

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.