УКМК экс-депутат Каныбек Осмоналиев боюнча маалыматты төгүндөдү

Окуялар тизмеги 12 Май 2020 18:38
0 ой-пикир

Азыркы учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 309-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү) боюнча башкы фигуранттардын бири Каныбек Османалиев болгон кылмыш ишин тергөө улантылып жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

УКМКда К.Осмоналиевдин 2020-жылдын 2-мартындагы митингдин тынчтык жолу менен өткөрүлүшүнө жана талаптагыдай аякташына жооптуу экендигине карабастан, аталган митингдин конкреттүү күн тартиби иштелип чыкпагандыгы менен өз сөзүндө мамлекеттик башкарууга байланыштуу, ар кандай маселелерди козгоп, катышуучуларды агрессивдүү аракеттерге түрткү кылып, кырдаалды курчутуу максатын көздөгөндүгү боюнча жетиштүү далилдер чогултулган.

Кылмыш ишинин материалдары боюнча Садыр Жапаров жана анын жакындары митингди өткөрбөөгө чакырган. Бирок К.Осмоналиев өзүнүн кызыкчылыгын көздөп митингди уюштурган.

Белгилей кетсек, К.Осмоналиев четтен көзөмөл салып, массалык башаламандыкка айланып кеткен акциянын катышуучуларынын аракетин алдын алууга аракеттенген эмес.

К.Осмоналиевдин арызындагы суракты бир эле жолу гана өткөрдү деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү тергөө амалдары анын түздөн-түз катышуусу менен жүргүзүлүүдө, деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен 2-мартта өткөн митингди Каныбек Осмоналиев уюштурган деп жатышат. Ага карата «бийликти күч менен басып алууга аракет» беренеси менен айып тагылууда.

Сот 29-апрелде экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин бөгөт чарасын карап, камактагы мөөнөтүн 3-июлга чейин узарткан.

Адвокат Акин Токталиев Осмоналиев кармалган 2-марттан бери эч кандай тергөө аракеттери жүргүзүлбөгөндүгүн айтып чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.