Лейлектеги сел, чек-арадагы ок атышуу. Президент вице-премьер Акрам Мадумаровду кабыл алды

Окуялар тизмеги 11 Май 2020 22:16
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-майда вице-премьер-министр Акрам Мадумаровду кабыл алып, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу, өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин жана чек ара кызматташтыгын талкуулады. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына чыкты.

Мадумаров Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чатак күчөп кетпеши үчүн тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн маалымдады. Ошондой эле ал жарадар болгон аскер кызматкерлеринин абалы тууралуу айтып берди.

Ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы селдердин кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Вице-премьер-министрдин маалыматына ылайык, жаратылыш кырсыктарынан Лейлек району көбүрөөк жапа чеккен, зыяндардын жалпы суммасы 55 млн сомдун тегерегинде.

Президент Жээнбеков кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын ишин эртелетүү зарыл экенин билдирди. Ал конструктивдүү сүйлөшүү процесси аркылуу биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу маанилүү экенин айтты.

Мындан сырткары, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин тез аранын ичинде жоюуга, өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга, табигый кырсыктар көп болуучу аймактардын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылууга көңүл бурду

Эске сала кетсек, 8-майда Баткенде чек ара окуясында жарадар болгон үч жоокер 10-майда атайын тик учак менен Бишкекке жеткирилген. Үчөө тең Улуттук госпиталга жаткырылган.

Көкүрөгүнө ок тийген экөөнүн абалы канааттандырарлык экени, ал эми омурткасына ок тийген аскердин абалы өтө оор болуп, реанимацияда жатканы кабарланган.

Тажик тарап бул окуядан эки жараны жарадар болгонун билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.