Кыргыз сому 27 жашка толду

Окуялар тизмеги 10 Май 2020 11:54
0 ой-пикир

Кыргызстанда бүгүн банк кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө. Бул майрам биздин өлкө үчүн тарыхый окуя болгон улуттук валюта — сомдун киргизилиши менен байланышкан. 1993-жылы 10-майда Кыргызстан биринчи болуп өзүнүн улуттук валютасы сомду жүгүртүүгө киргизген. 

Бирок, кыргыз сому монеталык двор же  ишкана жок болгондуктан дайыма сырттан  басылып алынып келинет. 1993-жылы  Кыргыз сому менен орус рублинин катар колдонулушуна 5 күн – 1993-жылдын 10-майынан тартып 14-майына чейинки мезгил аралыгында гана жол берилген. 1993-жылдын 14-майынан тартып сом Кыргыз Республикасынын жалгыз мыйзамдуу төлөм каражатынан болгон.

Кыргызстан СССР ыдыраганда Россиядан кийин улуттук валютасын киргизген экинчи өлкө катары тарыхта калды. 

Эгемендүү мамлекеттин өзүнүн валютасын жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө чечими  өлкө үчүн экономикалык саясатты көз карандысыз аныктоого, Улуттук банктын акча-кредит саясатын өз алдынча жүргүзүүгө негиз болгон. Ошол убактан бери дүйнөлүк финансылык кризистерге жана саясый бурулуш окуяларга карабастан, кыргыз акчасы КМШ мейкиндигинде эн туруктуу валюталардын бири бойдон калууда. 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү даталуу күнгө карата банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Учурда орун алган жагдайда Кыргызстандын банк системасы экономиканы үзгүлтүксүз каржылоо, төлөмдөрдү жүргүзүү жана калкты акча каражаттары менен камсыз кылуу жагында үзгүлтүксүз иш жүргүзүп, өзүнүн туруктуулугун көрсөттү», — деп айтылат куттуктоодо.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.