Elgezit.kg редакциясы уюштурган “Коронавирус пандемиясынан кийин Кыргызстандын экономикасын эмне күтөт?” деп аталган онлайн тегерек столдордун катышуучуларынын ой-пикирлерин жарыяладык эле. Ага белгилүү окумуштуулар, экономисттер, реалдуу экономика секторунун өкүлдөрү, өлкөнүн финансылык тармагынын мурдагы тажрыйбалуу жетекчилери, жаш активисттер катышкан болчу.
Бүгүн КРнын экс-финансы министри, Жогорку Кеңештин депутаты, экономист Акылбек Жапаровдун жоопторун жазып чыктык.
Тыштан келген жардамды “жеп албай”, туура бөлүштүрүү керек
— Акылбек Усенбекович, коронавирустан кийинки экономикалык кризис Кыргызстанга кандай коркунуч туудурат? Ал кайсы секторлорго кедергесин тийгизет, экономикалык өсүш канчалык жайлайт жана эң башкысы бул абал канчага чейин созулушу мүмкүн?
— Экономикалык кризистин натыйжасы биринчи кезекте жарандарыбыздын жашоосуна таасир берет. Экинчиден, экономиканын өсүү темпи жайлайт. Эң чоң сокку соода жана кызмат көрсөтүү тармактарына туш келет, бул болсо Кыргызстандын ИДПсынын 50%ынан көбүн түзөт. Бизде 2 миңден ашуун юридикалык түзүмдөр бар, алар салыктын 70%дан ашуунун төлөшөт. Соода жана кызмат көрсөтүү менен алек болгон чакан жана орто бизнес бул кризистен бат эле чыгат. Бирок ал үчүн Өкмот жана Улуттук банк тарабынан туура кадамдар жасалышы керек.
— Ал кандай кадамдар болушу керек? Өкмөттө өлкөнү экономикалык кризистен чыгаруу планы барбы?
— План бар деп ойлойм. Жакшыбы же жаманбы айта албайм, себеби Өкмөт программасынын биринчи эле этабын жарыялады, башкасы азыр түшүнүксүз.
Президент Жээнбеков тыштан жардам алуу үчүн колунан келгенин кылды. Биздин экономика үчүн тыштан келген жардамдын көлөмү, анын ичинде республикалык бюджеттин туруктуулугун колдоо үчүн 450 миллион доллар келгени жарыяланды. Азыр эң башкысы ал каражатты “жеп албаш” керек.
Мен Өкмөткө төмөнкүдөй сунуш бермекмин. Бюжеттин киреше бөлүгүнөн 18 миллиард сомду кыскартып – 8 миллиард бажы төлөмдөрүнон түшкөн каражаттар жана 10 миллиард салыктар. Ошондо бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 2019-жылдагыдай деңгээлде болот. Бул биздин бюджеттеги корголбогон беренелерди 18 миллиард, балким 25 миллиард сомго кыскартсак бул туруктуулукту сактап, бюджеттен бардык социалдык программаларды, анын ичинде капиталдык салымдарды каржылоого мүмкүнчүлүк берет. Менин сунуштарымды Өкмөт эске алат деген ишеничтемин.
Ал эми тышкы жардам катары келген 450 миллион долларга келсек. 250 миллион доллары бюджеттин туруктуулугун камсыз кылууга кетет. Калган 200 миллион долларды мамлекеттик резервдик фондго калтырууну сунуштайм. Бул биринчи чоң каражат жана аны экономиканы жандандырууга багытташыбыз керек.
Мен мамлекет башчысына жана премьер-министрге Өкмөт Улуттук банк менен бирге көлөмү 200 миллион доллардан кем болбогон программаны ишке ашыруусу керектигин кат жүзүндө сунуштагам. Натыйжада мамлекеттик резервдик фонддо 400 миллион доллар болмок.
Буга кошумча быйыл бюджеттин корголгон беренелеринде карыздарды жабуу үчүн: ички карызга 12,6 миллиард сом, тышкы карызды төлөөгө 16 миллиард сомго жакын каражат каралган. Бул 28 миллиард сомдун ичинен 150 миллион долларга жакынын реструктуризация кылып же мөөнөтүн узартса болот деп ишенем. Бул каражаттарды дагы мамлекеттик резервдик фондго багыттасак болот.
Ошентип, бизде болжол менен 550 миллион доллар болот жана аны экономиканын төмөндөөсүнө жол бербөөгө, андан соң аны өнүктүрүүгө жумшасак болот. Биздин Өкмөт тарабынан дал ушул кадамдар жасалат деп ишенем. Каржылоо булагы жок программалар эч качан ишке ашпайт.
550 миллион доллары болгондон кийин Өкмөт жакынкы 6 айда акчаларды коммерциялык банктар, микрокредиттик финансылык компаниялар аркылуу экономикага салып, бизнеске колдоо көрсөтүүсү зарыл.
Бул каражаттарды насыяга доллар менен берилсе үстөк пайызы 1%, сом менен берилсе 3-4% менен бериш керек.
Биздин экономика үчүн бул көп каражат. Бул акчалар экономиканы турукташтырып гана эмес, экономиканы “жылыта” да алат. Мындай ресурстарыбыз болгон маалда экономиканы туура башкаруу менен кризистен чыгып кетебиз. Жада калса, мындан аркы өнүгүүгө түрткү боло алабыз.
Мигранттарга Россиядагы банктар аркылуу рубль менен насыя берип жардам бериш керек
— Кризис шартында жумушсуздук өсөт. Анын ичинде, чет жакта иштеп жүргөн мигранттар мекенине кайтууга аргасыз болушууда, демек алар дагы жумушсуз калышат. Көпчүлүк бөлүгүн жаш, активдүү, эмгекке жарамдуу жарандар түзгөн мигранттар үчүн мамлекет эмне жардам көрсөтө алат?
— Мен мигранттарды жашап жаткан жагында калып, “бороонду” күтүп, андан соң мурдагы жумуштарына кайтуусун суранат элем. Тилекке каршы, мекенинде аларды жумушсуздук күтөт. Биздин экономика 150 миңге жакын жаш, активдүү адамдарды абсорбация кыла албайт.
КР Өкмөтү Россия Өкмөтү менен сүйлөшүп, алардан биздин өлкөгө рубль менен насыя берүүнү, бирок ал кражаттарды Россиянын банктарында, мисалы Сбербанкта сактоону сураныш керек. Оор кырдаалга туш болгон кыргызстандыктар ал банктардан насыя ала алгыдай болушу шарт. Анын ичинде биздин Кепилдик фонду эл арадык укуктук макулдашууларга ылайык кепил бере алышы үчүн насыя 10-20 миллиард рубль көлөмүндө болуп, 40 жылга 0,75%дан ашык эмес үстөк менен берилиши керек. Россия Өкмөтү КРнын Финансы министрлигинин кепилдиги менен буга макул болот деп ойлойм. Бул каражаттарды биздин мекендештер көп жашаган аймактардагы банктарга салуу керек.
Мындай программаны мен акыркы 10 жылда ишке ашырууга аракет кылып келем. Эми азыркы абал Өкмөттү ишке ашырууга аргасыз кылат деп ойлойм.
Бул каражаттардын бир бөлүгүнө ири соода борборлорун ачсак болот, ал жактарда кыргызстандыктар иштеп, бизнесин өнүктүрүшмөк.
Президентте жана Өкмөттө жаңылууга акысы жок
— Түндүн аркасынан күн чыгат демекчи, жакшы нерсе тууралуу да сүйлөшөлү. Кризис – мүмкүнчүлүк деген да түшүнүк бар го. Экономикалык кризистин артынан өлкө үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр ачылат?
— 2005-жылкы революциядан кийин Кыргызстандын экономикасында эң чоң оору пайда болгон – чегерүү системасы деген. Мен Финансы министри болгондон кийин бул ооруга согуш жарыялап, жеңип чыктык. Ошондон бери Кыргызстанда бул сөз жок жана аны жеңгенден кийин республикабыздын экономикасы жогорулады. 2005-2007-жылдары өлкөнүн бюджетин 3 эсеге, ИДПны 2 эсеге көбөйтө алганыбыз баарынын эсинде болсо керек.
Өкмөттө экономиканы гүлдөтүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду. Бирок азыр өлкөнүн экономикасында башка оору пайда болду – аткезчилик деген. Өлкөнүн экономикасы гүлдөшү үчүн Өкмөт аткезчиликке жана көмүскөдөгү экономикага согуш жарыялоосу керек. Ошондо бизнес өнүгүп, бюджетке аз эмес каражат төгүп баштайт. Өлкөдөгү көмүскөдөгү экономика дагы бир булак болуп саналат. Айрым маалыматтарга ылайык, анын көлөмү ИДПнын 20-50%ын түзөт. Өкмөт бул бизнести көмүскөдөн алып чыгуусу керек. Ал үчүн физикалык, юридикалык жактардын жана чет элдик компаниялардын бизнесин бүт ачыкташ керек. Кыргызстандын экономикасына каражат салып жаткан мыйзамдуу бизнестерге фискалдык жана укук коргоо органдары 250 жыл тийишпеши керек.
Нарын суусу дайыма ага берет, асман кыргыз жерине кулабайт, аялдарыбыз төрөбөй койбойт, демек өлкөдө жашоо уланат. Бирок Президент менен Өкмөттө жаңылууга акысы жок. Азыркы абалдын жакшы жактарын болушунча колдонуп калыш керек. Өлкөнү жана экономиканы туура эмес башкарышса, анын баасы өтө кымбат болот.
Маектешкен Семетей АМАНБЕКОВ