Элгезиттен ой-талкуу: “Коронавирус пандемиясынан кийин Кыргызстандын экономикасын эмне күтөт?”

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар, Тегерек стол 28 Апр 2020 20:09
0 ой-пикир

Коронавирус дүйнөлүк экономиканы олуттуу кризиске кептей турган болду, балким акыркы жүз жылдыктагы эң масштабдуу кризис болот. Дүйнөдөгү мамлекеттердин, анын ичинде, Кыргызстандын лидерлери элдин жашоосу менен катар эле экономиканы сактап калууга аракет кылышууда.

Эксперттер пандемиядан кийин ИДП төмөндөп, бюджеттик дефицит көбөйүп (алдын ала маалыматтарга ылайык, 30 млрд сомго жакын) жумушсуздук күчөп, бийликтин башкаруу системасына нааразы болгондор көбөйөт.

Аны менен катар эле ири биржалык фонддорда акциялары жок, жаратылыш кендерин казуудан көз карандысыз болгон, чоң өндүрүштөрү жок Кыргызстанды башка өлкөлөрдү күткөндөй ири каржылык кыйроо күтпөйт. Мындан сырткары, Кыргызстан агрардык өлкө катары өзүнүн экономикасын кайра жандандырып, дүйнөлүк рецессиянын фонунда экономикалык секирик жасаса болот.

Бул үчүн Өкмөт гана эмес, Кыргызстандын эли өтө катуу аракет кылышы керек. Кризистен сактануу жолу экономикадан реалдуу секторду өнүктүрүүго өтүп, ушул тармакты уюштурууда экени түшүнүктүү болуп калды.

Аны менен катар эле өлкө жетекчилиги, ири, орто жана чакан бизнес так илимий концепция менен иш алпаруусу керек, биздин экономика үчүн максаттуу интервенция зарыл.  

Андыктан Elgezit.kg редакциясы онлайн тегерек стол өткөрүп, белгилүү окумуштууларды, экономисттерди, реалдуу экономика секторунун өкүлдөрүн, өлкөнүн финансылык тармагынын мурдагы тажрыйбалуу жетекчилерин, жаш активисттерди чогултту. Тегерек столдун негизги максаты – Өкмөткө жана өлкө бизнесине Кыргызстан үчүн антикризистик экономикалык вакцина иштеп чыгууга жардам берүү.

Тегерек столдун катышуучулары:

Акылбек Жапаров, Экономика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты
Айылчы Сарыбаев, Экономика илимдеринин доктору, профессор, Экономика жана финансы институтунун ректору
Марипов Болотбек, «Толубай» АКБ ЖАКынын Башкаруу Төрагасынын мурдагы орун басары, Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты
Мирсулжан Намазалиев, CAFMI – Борбор Азиядагы Эркин Базар Институтунун негиздөөчүсү, Либерал жаштар клубунун негиздөөчүсү
Семетей Аманбеков, Elgezit.kg маалымат-аналитикалык порталынын башкы редактору, модератор

№1-суроо. Коронавирустан кийинки экономикалык кризис Кыргызстанга эмнеси менен кооптуу? Ал кайсы тармактарга таасир берип, экономикалык өсүштүн төмөндөшү канчалык деңгээлде күтүлүүдө жана эн башкысы бул абал канчага созулат?

Акылбек Жапаров: Эң чоң сокку соода жана кызмат көрсөтүү тармактарында болот.

Айылчы Сарыбаев: Агрардык тармакты өнүктүрүү Кыргызстанга коронавирустун экономикалык кесепеттеринен жеңил өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.  

Болот Марипов: Кызмат көрсөтүү тармагы олуттуу жабыр тартты,  жада калса, айыл-чарба тармагы дагы карантинден улам аксап жатат, айдоо иштери толук кандуу жүрбөй жатат.

Мирсулжан Намазалиев: Биринчи кезекте Кыргызстанда туризм тармагы, HoReCa анан билим берүү жабыр тартты. 

 №2-суроо: Өкмөттө экономикалык кризистин кесепеттерин азайтууга багытталган план барбы? Экономиканы кандайдыр бир деңгээлде кармап калуу үчүн бийлик кандай аракеттерди кылыш керек?

Акылбек Жапаров: Экономиканы турукташтыруу жана аны андан ары өнүктүрүү үчүн Мамлекеттик резервдик фондуна 550 миллион доллар аккумуляция кылуу керек.

Айылчы Сарыбаев: Өкмөт социалдык-саясий тармакты толугу менен карап чыгуусу керек.

Болот Марипов: Биринчи кезекте, салык системасын өзгөртүү керек, аны адилеттүү жана заманбап кылуу зарыл.

Мирсулжан Намазалиев: Экономиканы калыбына келтирүү үчүн Өкмөт радикалдуу чараларды көрүүсу керек.

№3-суроо: Кризис шартында жумушсуздук көбөйөрү талашсыз. Анын ичинде чет жерде иштеген мигранттар пандемиядан кийин өз өлкөсүнө кайтууга мажбур болушу мүмкүн. Мамлекет негизинен активдүү, жаш, ишке жарамдуу бул жарандарга кандай кам көрө алат?

Акылбек Жапаров: Мигранттар өздөрү иштеп жаткан өлкөлөрдө кыйын кырдаал бүткүчө күтүшү керек.

Айылчы Сарыбаев: Кайтып келген мигранттарга чакан жана орто бизнес жүргүзүүго шарт түзүп берүү керек.

Болот Марипов: Акча которуулардын азайуусу, мигранттардын мекенине кайтуусу социалдык чыңалууга негиз түзөт.

№4-суроо. Түндүн аркасынан күн чыгат демекчи, жакшы нерсе тууралуу да сүйлөшөлү. Кризис – мүмкүнчүлүк деген да түшүнүк бар го. Экономикалык кризистин артынан өлкө үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр ачылат?

Акылбек Жапаров: Өлкөнүн экономикасы гүлдөшү үчүн Өкмөт аткезчиликке жана көмүскөдөгү экономикага согуш жарыялоосу керек.

Айылчы Сарыбаев: Агрардык тармакка, кайра иштетүү тармагына, чакан бизнести өнүктүрүүгө басым жасоо зарыл.

Болот Марипов: Өнүккөн коом, аң-сезими жогору жарандар жана акылдуу Өкмөт болсо экономикалык секирик жасасак болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.