Тарых сабактары. Кыргызстандын башкы байлыгы болгон адамдар тууралуу

Окуялар тизмеги, Статьялар, Тарых 02 Май 2020 18:13
0 ой-пикир

Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн.

Атам Карпек Курманов каза болгондо биз агам Айдар экөөбүз бири-бирибизди терең кайгыдан, түпсүз ойлордон алаксытыш үчүн жашообузда болуп өткөн окуяларды эстеп отурдук. Агам мен билбеген көп кызыктуу нерселерди айтып берди. Ал Кыргыз ССРинин эмгек боюнча мамлекеттик комитеттин бөлүм башчысы, коллегиянын мүчөсү эле. Бир жолу 1990-жылдардын башында анын төрагасы Михаил Васильевич Ендовицкий менен Нарынга сапар тартканын айтып берди. Облуста тоолуу район деп төлөнүп берилген каражаттар жогору болуп жатат деген маалыматты текшерүү үчүн барышыптыр. Кеп миллиондогон рублдар тууралуу болуп жаткан жана терс резонанстка алып келмек. Партиянын аппаратында күрөш жүрүп жаткан. Алар Кыргызстан КП БКсынын тапшырмасы менен барышыптыр.

Ал учурда облустун биринчи секретары Искендер Садыкович Мураталин болуптур, агамдын пикиринде күчтүү жетекчи болгон. Анын орун басары кыргыз тилинде «түш жооруган» Тараканов болуптур, атын агам унутуп калыптыр. Ошентип Айдар менен Ендовицкий Таракановдун кыргыз тилинде сүйлөгөнүнө таң калышыптыр. Кийин администрациянын кызматкерлери менен таанышканда андан дагы катуу таң калышкан экен. Себеби  облустун, шаардын, райондордун администрацияларында, совет жана партия органдарында иштеген орус улутундагылардын баары кыргыз тилинде эркин сүйлөшчү экен. Жада калса ич ара дагы кыргыз тилинде баарлашышчу экен. “А эмнеге орус тилинде сүйлөбөйсүңөр”,- деп таң калышыптыр текшерүүчүлөр. “Көнүп калдык. Эл орусча такыр сүйлөбөйт, ошондуктан зарылчылык жок. Жергиликтүү иш кагаздарынын баары кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Республикалык органдарга гана орус тилинде жазабыз. Республикалык органдарга гана орус тилинде жазабыз”,-дептир экинчи секретарь Тараканов.

Айдар документтерди текшерип жатканда буга ишениптир. Бир дагы сап орусча жазылбаптыр. Баардык райондор, шаарлар ич ара кыргызча гана жазышчу экен. Союз маалында ушундай болгон экен. Жергиликтүү деңгээлде тилди дискриминация кылгандар болгон эмес. Чүй облусунан жана Фрунзе шаарынан тышкары Кыргызстандын бардык райондорунда ушундай болгон.

Байкеме: “Эми баарын түшүндүм. 2005-2007-жылдары ПРООН уюштурган парламенттик долбоордун кызматкери катары биз тренинг өткөрүп жүргөн маал эске түштү” – дедим. Бир жолу биздин команда Ошко барып тренинг өттү, катышкандар тренинг кызык экен, бирок кыргыз тилинде өтсөңөр жакшы болмок деген каалоосун айтышкан. Бишкекке келип слайддарды кыргызчага которуп, кыргыз тилин үйрөнүп баштадык. Ошондон кийин долбоорубуз калк арасында ийгилик жаратты. Айдар агамдын айтып берген бир тарыхый окуясы көзүмдү ачты.

Агам азыр юридика илимдеринин кандидаты, КГЮУнун профессору. Атамдын жолун жолдоп, жазык аткаруу укугу, криминология боюна адис болду. Азыр эл аралык коррупция жана андагы криминологиялык көйгөйлөрдү  иликтөө менен алек. Тема абдан татаал. Атамдын гени бардай. Жөргөлөбөй учуу керек. Биздин өлкөбүздүн негизги байлыгы болгон Кыргызстандагы адамдардын ушундай кызыктуу окуялары бар.

“Өкмөт өзүнөн-өзү эч нерсени курбайт. Мамлекеттин өзүнүн каражаттары жок. Элдин акчасы гана бар”, — деп Улуу Британиянын премьери Маргарет Тэтчер айткандай, байлыктын баары адамда.  

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт

Сүрөт: AFP 2019/Вячеслав Оселедко

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.