Парламенттик шайлоо өз убагында өтүүсү зарылбы? КАЙЧЫ ПИКИР

Интервью, Окуялар тизмеги 14 Апр 2020 17:25
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кесиптеши Наталья Никитенко сыяктуу эле 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоону жылдыруу керек деген пикирде. Эл өкүлү шайлоону 2021-жылдын апрелинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен бирге өткөрүүнү сунуштоодо Бул шайлоо 12-апрелде өтүшү керек эле, бирок өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу аны жылдырышкан. Азыркыга чейин так мөөнөтү аныктала элек.

Elgezit.kg редакциясынын суроолоруна жооп берип жатып Дастан Бекешев коронакризис эмне менен аяктары белгисиз экенин жана экономикага залал келгендиктен, алдыда бюджеттин тартыштыгы күтүп жатканда мандаттын артынан сая түшпөй, шайлоону жылдыруу зарыл деген пикирин билдирди. Ансыз да, Каржы министрлиги белгилегендей, коронавирустан улам өлкө бюджетинин кирешеси 30 млрд сомго азайып, чыгашасы артат.

—  Кыргызстанда күзүндө парламенттик шайлоо өтүшү керек. Балким өнөктүктү жылдыруунун кажети болсо керек. Анткени өзгөчө абал алынган күндө да, баары ордуна келиши үчүн убакыт керек эмеспи.

— 79 күндөн кийин президент шайлоо кампаниясы тууралуу жарлыкка кол коюшу керек. Башкача айтканда 4-октябрда өтүүчү шайлоого 100 күн калганда. 79 күн ичинде биз бул абалдан чыга албайбыз деп ойлойм, сыйкырлык эле болуп кетпесе. Валюталык инфляциядан сырткары бизди коронавирус кризиси да кыйнай турганы бышык. Бул баардык адамзат үчүн белгисиз болууда жана бутүндөй дүйнө илдет менен күрөшүүдө. Азырынча вакцина жок жана мындай экстремалдуу шартта дагы канча убакыт жашайбыз белгисиз. Ошондуктан мындай абалда шайлоону 2021-жылдын апрель айына жылдыруу максаттуу болмок. Эң башкысы,  бюджетке каражат түшпөй турган кезде бул туура кадам болмок. Шайлоо кампаниясы миллиард сомго жакын каражатты талап кылат, балким андан да көп, себеби жер-жерлердеги шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө маяна төлөш керек дегендей. Азыркы учурда каражат тартыш болууда.

Мындан сырткары, шайлоо 4-октябрда өтө турган болсо биз чет мамлекеттерде шайлоо участокторун ачышыбыз керек болот. Бардык өлкөлөр пандемиядан улам жабык болсо, дипөкүлчүлүктөр онлайн режимде иштеп жатса кантип аларды уюштурабыз? Өзүбузгө жана өнөктөштөрүбүзгө көйгөйлөрдү жаратуунун кажети жок деп ойлойм.

—  Көпчүлүк Конституцияга ылайык шайлоо өз мөөнөтүндө өтүшү керектигин айтышууда. Болбосо Баш мыйзамды бузган болобуз дешүүдө.  Бирок коронакризис Кыргызстанда гана эмес, дүйнөнү каптап жатпайбы, бул форс-мажордук абал эмеспи?

— Конституцияда баары жазылган эмес. Ал жакта мисалы коронавирус инфекциясы учурунда эмне кылуу керектиги белгиленген эмес. Дагы бир учур – эгер биз шайлоону жылдырбасак шайлоочулар добушун болбогон тыйынга сатып жиберишет. Анан жыйынтыгында эмне болот? Дагы бир чоң суроо, июлда шайлоо алдындагы кампанияны баштап, съезддерди өткөрүп, шайлоочулар менен жолугуша алабызбы? Менимче, жок. Эң башкы негиз – бул абал канчага созулары жана жугуштуу илдет качан токтору белгисиз. Бийлик өлкө масштабдуу экономикалык кризис алдында турганын түшүнүшү керек. Дүйнөдө мындай болгон эмес жана эгерде биз кимдир бирөөнүн жардамына үмүт кылып жаткан болсок, бул куру кыял. Биздин бай коңшуларда жана өнөктөштөрдө да абал ушундай.

— Эгерде парламенттик шайлоо 4-октябрда өтсө, бул абал Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын легитимдүүлүгүнө күмөн жаратып койбойбу?

— Албетте. Кризис учурунда шайлоону Мыйзамда белгиленген таризде өткөрө албайбыз. Ошондуктан аны кийинки жылдын апрель айына жылдырууну жана алтынчы чакырылыштын ыйгарым укуктарын узартууну, бирок депутаттарга маяна төлөбөй эле коюуну сунуштап жатам. Парламентте бул демилгени колдогондор бар.

— Парламенттик шайлоону жылдырууга кандай юридикалык негиздер болушу мүмкүн?

— Кризис, бюджет тартыштыгы, өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу.

Эскерте кетсек, «Республика – Ата-Журт» парламенттик фракциясынын мүчөсү Мирлан Жеенчороев Жогорку Кеңешке болгон шайлоону 2021-жылдын жаз айларына жылдыруу сунушун колдобойт. Эл өкүлү мындай демилгени опурталдуу жана коркунучтуу деген пикирде. Анын айтымында, бул сунуш Баш мыйзамга каршы келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.