Мирлан Жеенчороев: Парламенттик шайлоо өз убагында өтүш керек. Антпесе, Баш мыйзам бузулат

Интервью, Окуялар тизмеги 13 Апр 2020 16:08
0 ой-пикир

«Республика – Ата-Журт» парламенттик фракциясынын мүчөсү Мирлан Жеенчороев Жогорку Кеңешке болгон шайлоону 2021-жылдын жаз айларына жылдыруу боюнча айрым депуттардын сунушун колдобойт.

Эл өкүлү мындай демилгени опурталдуу жана коркунучтуу деген пикирде. Анын айтымында, бул аракеттер COVID-19 пандемиясына шылтоо менен парламенттин алтынчы чакырылыштын депутаттарынын мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин коомчулуктун аң-сезимине сиңирүү болуп саналат.

Жээнчороев депутат Курманкул Зулушевдин башкаруу формасын өзгөртүүгө багытталган референдум өткөрүү демилгесине дагы каршы. Эл өкүлү өз көз карашын Elgezit.kg редакциясы менен бөлүштү.  

-Күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүшү керек. Балким өнөкөттү жылдыруунун кажети болсо керек. Анткени өзгөчө абал алынган күндө да, баары ордуна келиши үчүн убакыт керек.

— Шайлоону эки учурда гана жылдырса болот, өлкөдө өзгөчө абал болсо же согуш башталса. Башка эч кандай себептер тоскоол боло албайт. Конституция шайлолорду өз мөөнөтүндө болушу керектигин милдеттендирет. Бул укуктук ченем бийликти узурпациялоо болбошу үчүн атайын киргизилген. Үнөмдөө максатында шайлоону жылдыруу керектиги тууралуу пикирлер айтылууда. Мен макул эмесмин. Эгер биз ушундай жол менен барсак, анда эртең президент: “өлкө кризиске туш келип турган маалы, шайлоо өткөрүүгө казынада каражат жок, мен дагы бир жыл иштейин” деп айтып калышы мүмкүн.  

— Бирок коронакризис Кыргызстанда гана эмес, дүйнөнү каптап жатпайбы, бул форс-мажордук абал эмеспи?

— Эгерде коронакризис социалдык-экономикалык кагылыштарга алып келип, нааразычылыктар болсо, өзгөчө абал режими киргизилсе, анда албетте шайлоо жылат. Эгерде эч кандай өзгөчө абал болбосо эле биз 4-октябрдагы шайлоону жылдырсак, анда кечирип койгула, бул жарандык укукту жана эркиндикти кысымга алуу болот. Жогорку Кеңеш түзгөн Өкмөт өз маалында кризисти алдын ала алган жок, демек эл ишке жарамдуу, конструктивдүү парламентти тандап алышы керек, алар антикиризистик чараларды көрө алган министрлер кабинетин түзүшү зарыл. Каражаттарды үнөмдөө максатында биз парламенттик жана жергиликтүү кеңешке болгон шайлоону бир күндө өткөрсөк болмок. Мен быйыл декабрь айында ыйгарым укуктары аяктай турган кеңештер тууралуу айтып жатам. Мындай кадамдар бизге миллиондорду үнөмдөөгө шарт түзөт. Ал эми бул же тигил институттун мөөнөтүн узартуунун аягы жакшы болбойт. Себеби бул Баш мыйзамды одоно бузуу. Шайлоону белгиленген мөөнөттө өткөрүү — бул жөн гана кыргызга таандык өзгөчөлүк эмес, бул конституциялык юриспруденциянын негизи.

— Эгерде парламенттик шайлоо 4-октябрда өтсө, бул абал Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын легитмдүүлүгүнө шек жаратуу үчүн негиз болбойбу?

— Жок, тескерисинче, көпчүлүк алтынчы чакырылыштын мөөнөтүн узартууну колдоп, шайлоону 2021-жылдын жазына жылдыра турган болсо, ошондо азыркы чакырылыш легитимсиз болот.  Мен жогоруда айтканда, шайлоону жылдырууга өзгөчө абал же аскердик абал гана негиз боло алат.

— Маектин башында кесиптешиңиз Курманкул Зулушевдин референдум өткөрүү тууралуу Мыйзамын дагы орунсуз деп атадыңыз эле. Эмнеге? Экономикалык кыйынчылык учурунда шайлоо өткөрсө болсо, эмнеге аны менен кошо референдум өткөрсө болбосун? Түшүндүрүп берсеңиз..

— Жогорку Кеңешке шайлоо бул пландалган иш-чара жана ал Конституцияда бекитилген, ал эми референдум өткөрүүгө негиз жок. Анын артында бийликти бир адамга берүүгө чакырып жатат жана бул Кыргызстанда президенттик башкаруу болуусун шарттайт. Жаңы тарыхтагы сабактардан улам биз мындай аракеттер үй-бүлөлүк-кландык режимге алып келерин билебиз. Анда президенттин айланасындагылар Мыйзам чыгаруучу жогорку орган болгон парламентти каралоо менен гана алек болуп калышкан.

Көпчүлүк алтынчы чакырылыштын аброю түштү деши мүмкүн, бирок бул парламенттик башкаруудан баш тартуу керек дегенди билдирбейт. Биз кризистен чыгып, коомдук-саясий турмуш өз калыбына келгенде президент институтун жокко чыгаруу маселесин добушка коюп, элге тандоо беришибиз керек деген сунушту айтат элем. Башкача айтканда, классикалык парламенттик республиканы түзөбүз. Анда мамлекет башчысына өкүлчүлүк гана функциялары берилет. Ал эми бийлик укуктары парламенттин жана Өкмөттүн колунда болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.