Аскердик кызматка чакыруу жана запаска бошотуу токтотулду

Окуялар тизмеги 06 Апр 2020 15:27
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарына мөөнөттүү аскерге чакыруу жана аскерден запаска бошотууну токтото туруу жарлыгына кол койду.

Чечим айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу жана инфекциялык дарттын жайылышын болтурбоо максатында кабыл алынган.

Өкмөттүн чечимдерин жарлыкка ылайык келтирүү сунушталды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктурган 216 учур катталды. 4 бейтап каза болду, 33ү айыкты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.