Сутка ичинде 69 адамда вирус аныкталды

Окуялар тизмеги 06 Апр 2020 10:30
0 ой-пикир

Кыргызстанда 6-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 69 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Министр билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 216 кишиге жетти. Жаңы катталгандын бардыгы обсервацияда болгон адамдардан аныкталган.

«69 адамдын ичинен бирөөндө гана клиникалык белгилери бар. Бирок калгандарында оорунун козгогучу бар. Учурда баардыгы ооруканага жаткырылды», — деп кошумчалады министр.

216 адамдын ичинен: Жалал-Абад облусунда — 80, Ош облусунда — 94, Бишкек шаарында — 25, Баткен облусунда — 4, Нарын облусунда — 5, Ысык- Көл облусунда — 3 жана Чүй облусунда — 5 адам бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.