ВИДЕО: Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандар үчүн атайын ооруканалар курулууда

Окуялар тизмеги 04 Апр 2020 12:31
0 ой-пикир

Өзбекстан коронавирус жуктуруп алган жарандарды дарылоо жана карантинге жаткыруу үчүн ыкчам түрдө орууканаларды курууда. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жаңы имараттар Ташкентте жана өлкөнүн төрт облусунда курулат.

«Ташкентте заманбап үч медициналык мекеме курулуп жатат. Алар жакынкы айларда алгачкы бейтаптарды кабыл алышат. Ошондой эле Ташкенттеги Стоматологиялык институттун жаңы имараты 250 орунга ылайыкташтырылып жасалат. Ал май айында пайдаланууга берилет», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары карантиндик жай куруу үчүн Ташкент облусундагы Юкоричирчик районунан 55 гектар жер бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө Зангиата районунда 27 гектар жерге 10 000 адамга ылайыкташкан оорукананын курулушу башталды.

Мындай медициналык мекемелер өлкөнүн Анжиян, Навои жана Сурхандарыя облустарында да курулат.

Өзбекстанда 4-апрелге карата коронавирустук инфекция жутуруп алган 6 жаңы учур катталды. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча жуктургундардын саны 227ге жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.