Өзбекстанда 4-апрелге карата коронавирустук инфекция жутуруп алган 6 жаңы учур катталды. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча жуктургундардын саны 227ге жетти. Бул тууралуу Өзбекстан Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча коронавирустан 25 адам толугу менен айыкты, ал эми илдеттен эки адам көз жумду.
Ташкентте, Нукуста жана облустук борборлордо 1-апрелден тарта обочолонуу режими киргизилди. Ал эми 65 жаштан жогору адамдарга эшикке чыгууга тыюу салынган.
Жарандар үйдүн жанындагы дарыканага жана дүкөнгө эле бара алат.
Өзбекстанда коронавирусту жуктурган биринчи учур 15-мартта катталган.