Жанар Акаев өкмөттүн кадр саясатын сынга алды

Окуялар тизмеги 02 Апр 2020 17:38
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев өкмөттөгү акыркы кадр алмашууну сындап чыкты. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына Алтынай Өмүрбекованы вице-премьерлик  кызматтан кетирүү «абдан чоң катачылык» деп баалады.

Анын айтымында, Алтынай Өмүрбекова өкмөттүн курамындагы эң компетенттүү, жоопкерчиликтүү жана иш билги кадр болчу.

«Мен дайыма Алтынай Өмүрбекова тууралуу жакшы гана ойлорумду айтып келатам. Айылдарда бош турган имараттарды бала бакчага айлантуу демилгесин да чекиндүү баштаган эле. «Ашууда ат алмашпайт», – деген сөз бар. Штабдын ишин алып барып жаткан адамды кетирип, эми жаңысын алып келип аны үйрөткөнчө дагы канча убакыт кетет билбейм. Саламаттыкты сактоо министри катары абдан жакшы иштеп жактан Талантбек Батыралиевди иштен алып, Космосбек Чолпонбаевди алып келишти. Эми Алтынай Өмүрбекованы кетирип, айтор, жакшы иштеген профессионалдарга өкмөттө орун жок”, – дейт Жанар Акаев.

Эл өкүлү өкмөттү көзөмөлдөгөн парламент кадр дайындоодо чечкинсиздигин, мококтугун ачык көрсөтүп жатканын белгилеген.

«Мындай кадрларды сактап калууга, керек болсо сырттагы күчтүү кадрларды өкмөткө алып келүүгө биз отурган мокок, жалтак, чечкинсиз парламенттин күчү кайдан жетмек эле. Парламенттик башкаруунун маңызын түшүнбөй, трибунаны, мандатты кор кылган үчүн президенттик эле башкаруу ыңгайлуу деген ойдун башын ачып башташты да», – деп жазган эл өкүлү.

Эскерте кетсек, 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Алтынай Өмүрбекованы, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди иштен алган. Коопсуздук кеңеши 31-марттагы отурумунда «коронавирустун алдын алуу боюнча жетиштүү иш жүргүзө алган жок» деп, аларга чара көрүүнү премьер-министрге сунуш кылган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул эки жетекчи өз арызы менен жумуштан кеткенин билдирген.

Алтынай Өмүрбекова кызматтан кеткенден кийин билдирүү жасап, жарандардын колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.