«Ийгиликтер алдыда!» Экс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекова кайрылуу жолдоду

Окуялар тизмеги 02 Апр 2020 13:36
0 ой-пикир

Вице-премьер-министрлик кызматтан алынган Алтынай Өмүрбекова социалдык тармактар аркылуу элге кайрылып, колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылыгын билдирди.

«Чын дилимден ар бириңердин жылуу сөзүңөргө, колдооңорго терең ыраазычылык билдирем! Мен үчүн менин эмгегимдин эң жогорку баасы — ар бир Кыргызстандын жаранынын пикири, колдоосу! Коомдук кызыкчылык, ар бир кыргызстандыктын бак-дөөлөтү, коопсуздугу — мен үчүн эң башкы баалуулук, максат. Жашоомдо, элдик кызматта жүргөн убагымда да жолуккан ар бир инсанга таазим, терең ыраазычылык билдирем», — дейт Өмүрбекова.

Ал короанвирус баштаган максат-пландарына өзгөртүүлөрдү киргизгенин белгиледи.

«Ушундай кырдаалда өз эмгеги менен, болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, биздин элибизге, ар бир муктаж адамга өзүнүн жардамын көрсөткөн ар бириңерге таазим! Силер бар, биздин мекенибиз, элибиз бар! Өз ишимде катачылык кетирсем, ойлогон максаттарды толук кандуу ишке ашырып албай калсам, же бирөөнү таарынтсам, убагында жооп бербесем кечирим сурайм!
Ийгиликтер алдыда», — деп сөзүн жыйынтыктады экс-вице-премьер.

Эскерте кетсек, кечээ, 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматтан бошоткон. 

Мамлекет башчсы Республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышын шарттап, жугузуп алгандар менен байланышта болгон адамдардын тобун өз маалында аныктабагандыгын сынга алган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.