Абылгазиев: Медицина кызматкерлеринин туугандары тараптан даттануулар абдан көп

Окуялар тизмеги 28 Мар 2020 16:16
0 ой-пикир

Бүгүн, 28-мартта өкмөттө Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев жана республикалык штаб өкүлдөрү, вице-премьерлер катышкан кеңешме өттү.

Жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги азык-түлүк, күнүмдүк керектөө товарлары жана дары-дармек менен камсыздап жаткан ишкерлер үчүн тоскоолдуктарды тезинен четтетүүнү тапшырды.

«Айрым дүң соодагерлер кампаларга жете албай, сатыкка чыгаруу үчүн товарларын алып кете албай жатышканын айтышууда. Биз чекене саткан дүкөндөргө товарларды убагында жеткирүү үчүн кампаларга барууга уруксат беришибиз керек. Бирок сатуучулардын социалдык жоопкерчилиги бар экендигин да унутпоого тийишпиз. Бааларды көтөрүп же соода түйүндөрүн жөн эле жаап койгонго болбойт” — деди өкмөт башчы.

Премьер-министр медицина кызматкерлерин бардык зарыл нерселер менен камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи.

«Кайдыгер эмес жарандар жана медицина кызматкерлеринин туугандары тараптан даттануулар абдан көп. Дагы бир ирет эскерте кетейин, медицина кызматкерлери посттордон тоскоолдуксуз өтүүгө тийиш. Алар ошондой эле бир жерден экинчи жакка жөө барбай, транспорт менен камсыздалышы керек.

Медицина кызматкерлерин транспорт менен камсыз кылуу жоопкерчилиги, алардын кыймылынын марштруттарын түзүү ар бир медициналык мекеменин башкы дарыгерлерине жүктөлгөн. Бирок алар бул иштерди жасабаганын көрүп турабыз” — деп белгиледи премьер-министр.

Өкмөт башчы тез аранын ичинде илдетти жуктуруп алгандар менен байланышта болгондорду издеп, санын тактоо керек экенин белгиледи. Ал эми азык-түлүк, күнүмдүк керектөө товарлары жана дары-дармектер менен камсыздап жаткан ишкерлер туш болгон көйгөйлөрдү чечүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, жаш ишкерлер ассоциациясынын мурдагы жетекчиси Темирбек Ажыкулов азык-түлүк ташыган ишкерлер посттордон өтө албай жатканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыккан.

Уважаемые Штаб Covid-19 и коменданты, если вы не можете организовать беспрепятственный проезд продуктов питания и…

Опубликовано Temirbek Azhykulov Пятница, 27 марта 2020 г.

Ал эми социалдык тармактарда жумуштан үйүнө, үйүнөн жумушка жөө барып жаткан дарыгерлер жөнүндө жазып жатышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.