Россияда референдум коронавирустан улам жылдырылды

Окуялар тизмеги 26 Мар 2020 10:47
0 ой-пикир

Россиянын президенти Владимир Путин 25-мартта атайын кайрылуу жасады.

Кайрылууда 22-апрелге белгиленген референдумду пандемияга байланыштуу жылдыра туруу чечими кабыл алынганын билдирди.

«Элдин саламаттыгы, өмүрү жана коопсуздугу биз үчүн артыкчылыктуу маселе,» — деди Путин.

Буга чейин, 14 мартта Россиянын президенти Владимир Путин «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Баш мыйзамга эми мындан ары кудай жөнүндө сөздөр жана үй-бүлө эркек-менен аялдан гана куралары жазылган.

Ошондой эле президенттик мөөнөткө байланыштуу «катары менен» деген жери алынып салынып, мындан улам эмки президенттер кызматта эки гана мөөнөт боло алат.

Андан сырткары азыркы президент Владимир Путиндин жана экс-президент Дмитрий Медведевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылган. Бул Путинге 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачкан. Конституциялык сот бул өзгөртүүлөр Баш мыйзамга туура келет деген бүтүм чыгарган.

Учурда Россияда коронавирусту 700дөй адам жуктуруп алган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.