УКМК: Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы туруктуу

Окуялар тизмеги 24 Мар 2020 10:51
0 ой-пикир

Камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады.

«Атамбаевдин саламаттыгы туруктуу, ден-соолугуна байланыштуу даттануулар жок. Ал дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө,» — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев өткөн жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча 23-мартта өткөн соттук отурумга катышты. Түшкү тыныгуудан соң мурдагы президент соттук процесске катыша алган жок.

Анын адвокаты Сергей Слесаревдин айтымында, Атамбаев ден соолугу начарлаганына байланыштуу процесске катыша алган эмес.

Мындан улам, соттук жараян 30-мартка жылдырылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.