Кой-Таш боюнча сот Атамбаевдин саламаттыгына байланыштуу жылдырылды

Окуялар тизмеги 23 Мар 2020 16:22
0 ой-пикир

Бүгүн, 23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот уланды. Жараянга Алмазбек Атамбаевдин алынып келгендиги белгилүү болгон.

Бирок отурумда мурунку президенттин саламаттыгы начарлап кеткендигине байланыштуу соттук угуу жылдырылды. Кийинки отурум 30-мартка белгиленди. Бул тууралуу КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Алмазбек Шаршеновичтин абалы түштөн кийинки отурумда начарлап, кан басымы түшүп кетти. Муну аны коштоп келген УКМКнын дарыгерлери ырастады”, -деп жазган Жолдубаева.

Белгилей кетсек, соттук процесске Марат Сыдыков судьялык кылууда. Отурум жабык өтүүдө.

Ишти Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тергеп, Атамбаев баштаган 14 адамга айып койгон. Башкы прокуратура ишти изилдеп чыгып, айыптоо актысынын негизинде Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берген.

Кой-Таш окуясына айыптуу деген дагы беш адамдын иши өзүнчө тергелип жатат, себеби алар тергөө менен кызматташууга макул болушкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.