ВИДЕО: Таламайга түшкөн ун, кезек талашып урушкан адамдар

Окуялар тизмеги 20 Мар 2020 10:38
0 ой-пикир

Ош шаарынын Ж.Раимбеков көчөсүндө сатылып жаткан ундар талашка түштү.

Жүздөгөн адамдар кезек талашып, кээ бирлери урушуп дагы жатышат. Учурда милиция кызматкерлери абалды көзөмөлгө алууда. Бул тууралуу»Турмуш» сайты билдирди.

Мэриянын маалыматына ылайык, Ош шаарында ундар 4 жерде сатылууда. Биринчи сорттогу бир кап ундун баасы 1350 сомдон туруктуу баада сатылууда. Ун сатып алуучулардын басымдуу бөлүгү Ош облусунун райондорунан келишкен.

Белгилей кетсек, 20-марттан баштап ун борбордук базарда гана сатылат. Коопсуздук жана башаламандыкты алдын алуу багытында Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери иш жүргүзүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.