«Бизде бийлик, мыйзам барбы? Анда “Кырк чоро” бийликти алып расмий башкарсын!»,- укук коргоочу бүгүнкү жүрүш жөнүндө

Окуялар тизмеги 08 Мар 2020 14:01
0 ой-пикир

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова Бишкекте зомбулукка каршы жүрүшкө чыккандардын кармалышын кескин сындады. Укук коргоочунун пикиринде, милиция Баш мыйзамда көрсөтүлгөн адам укугун бузду. Абдирасулова маршты өткөрүүгө бут тосуп, чатак чыгаргандарга чара көрүлбөгөнүнө нааразы болууда.

«Мыйзам боюнча милиция тынч жыйындын катышуучуларынын укугун коргошу керек болчу. Беткапчан келип кол салгандар кармалбастан, тынч жыйынга чыккан аялдардын кармалганы — мыйзамды одоно түрдө бузуу. Бизде бийлик, мыйзам барбы? Анда “Кырк чоро” бийликти алып расмий башкарсын!».

Бүгүн Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бирок алгач белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармай баштаган. Милиция кармап кеткендердин арасында укук коргоочу Рита Карасартова, активист Алтын Капалова жана журналисттер бар экени кабарланды.

Аялдардын эл аралык күнүнө карата белгиленген жүрүштө аялдардын укуктары, гендердик теңдик жөнүндө маалыматтар айтылмак. Жөө жүрүштү активисттерден турган демилгелүү топ уюштуруп жаткан.

Эске сала кетсек, 2019-жылы үй-бүлөлүк, анын ичинен физикалык, психологиялык, сексуалдык зомбулукка кабылгандардын саны 5 миңден ашкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.