ИИМ: Өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын саны 5 миңден ашкан

Окуялар тизмеги, Өлкө 10 Янв 2020 11:06
0 ой-пикир

Өткөн 2019-жылы үй-бүлөлүк, анын ичинен физикалык, психологиялык, сексуалдык зомбулукка кабылгандардын саны 5 миңден ашкан. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 580 ашык зомбулук фактылары боюнча тергөө иштери жүргүзүлгөн.

Эске сала кетсек, жаңы жылдан бери Баткен жана Нарын облустарында күйөөсүнүн ур-токмогунан 26 жана 36 жаштагы эки келин көз жумган. Бул окуялар коомчулукта катуу талкууланып, үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча чакырыктар айтылган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жарандарды үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан коргогон мыйзамдарды өркүндөтүүнү жана жазаны күчөтүүнүн жол-жобосун изилдөөнү тапшырды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.