Арстан Алай бийликтегилерге оору жөнөткөнү айтылды

Окуялар тизмеги 07 Мар 2020 18:07
0 ой-пикир

Фейсбукта Rano Perishte деген ат менен катталган колдонуучу, Арстан Алайдын жардамчысы  Рано Арапева Арстан Алай бийликтегилерге оору жөнөткөнүн жазып чыкты.

Ал: “Арстан Жаңы Кудай чындыкка кеткен жолду ачуучу, жалган дүйнөнүн жолун жабуучу Жалгыз Сот. Арстан Жаңы Кудай кыргыз тукумун коргоочу, адамзат тукумун оңдоочу Жалгыз Булак”,-деп жазып, “Арстан Жаңы Кудайдын чечими 05.03.2020-жыл: Элдин эмгегин жеген, элди алдаган, элди артка тарткан, кордогон, өзүмчүл бийликтегилердин өзүнө жана алардын бала-чакасына тообосуна жандыруу үчун ооруу жөнөтүп койду”,деп жазылган сүрөт жүктөгөн.

 Эске салсак, 3-март күнү Арстан Алай Бишкекте пресс-жыйынды Рано Арапева менен чогуу өткөргөн. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.