Арстан Алай: Кыргыз гана коронавирустан куткарат

Окуялар тизмеги 03 Мар 2020 14:57
0 ой-пикир

Өзүн “Кудаймын” деген Арстан Алай мындан мурда мен Кытайга коронавирусту жөнөтүп койгом деп айтканы бар. Дүйнөнүн үшүн алган илдеттен эми бир гана кыргыз куткарарын жарыялады. Бул туралуу ал бүгүн,3-мартта, маалымат жыйын өткөрүп жатып билдирди.

“Ушундай көйгөйдөн бир гана кыргыз куткарат. Эмнеге деп ойлосоңуздар 21-кылымда адам акылы менен ойлоп тапкан мыйзам, техника, медицина ажал азап болуп, теңирдин мыйзамы ынак болот. Дүйнө эли эң биринчи адамдын гени жетилгенин жана ааламдын ролун аткарышы керектигин түшүнүшү керек. Эгер аны аткара албаса вирус ичтен чыгат. Ар бир улуттун миссиясы болот. Кыргыз ааламдан келген өкүл. Кыргыздын улуулугун билиш керек, башкалар кыргызды улут катары өздөрүнө салыштырбаш керек. Анткени улуу күчтүн ролун кыргыз гана аткара алат”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 65 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2900 адам каза болду, 44 миңдейи айыгып чыкты.

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, өлкө аймагындагы эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.