ВИДЕО: Атамбаев сотко алынып келинди

Окуялар тизмеги 03 Мар 2020 16:55
0 ой-пикир

Биринчи Май райондук сотунда бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы сот жараяны башталды.

Соттук жараянга мурунку президент Алмазбек Атамбаев алынып келинди.

Соттук териштирүү жабык режимде өтө турганы белгилүү болду.

Эскерте кетсек, 2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Бул окуядан кийин Алмазбек Атамбаев жана анын бир нече тарапкери камакка алынган.

Атамбаев айыптоолорду моюнга албай, кылмыштарды жасоого айыптоо боюнча айып актысына кол коюудан баш тарткандыгын адвокаты билдирген.

Жалпысынан Кой-Таш окуясына байланыштуу 19 адамга айып коюлган. Алардын ичинен бешөө тергөө менен кызматташууга макул болушкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.