Коронавирус: Кыргызстанда 298 киши обсервацияда

Окуялар тизмеги 02 Мар 2020 16:09
0 ой-пикир

Кытайдан жайылган коронавирустун алдын алуу иштеринин алкагында 2-мартка карата Кыргызстанда обсервацияда 298 киши жатат. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, 298 адамдын 145и кытайлыктар, баарынын анализи таза. Мындан тышкары, 571 адам жашаган жеринде дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 65 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2900 адам каза болду, 44 миңдейи айыгып чыкты.

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, өлкө аймагындагы эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.