Коронавирус көп катталып жаткан беш өлкөнүн жарандарына Кыргызстанга каттоого чектөө кирди. Бул өлкөлөр Кытай, Иран, Италия, Япония жана Түштүк Корея.
Мындай чечим коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабдын 28-февралдагы жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Чечимге ылайык аталган өлкөлөрдүн жарандары 1-марттан тарта ишке же туристтик максаттарда Кыргызстанга кире алышпайт.
Ошондой эле 1-марттан тарта илдет жайылган өлкөлөрдүн жарандарына чакыруу жөнөтүүгө тыюу салынат. Бул тизме кырдаалга жараша өзгөрүп турушу мүмкүн экендиги кабарлады.
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандын аймагында жугуштуу илдет каттала электигин кабарлоодо.