Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Президенттин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү Жумабаев Латип Пазылович ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет
Эске салсак, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Латип Жумабаев Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланган.