Конституциялык палатанын үч судьясы парламентте ант берди

Окуялар тизмеги 26 Фев 2020 11:04
0 ой-пикир

Жогорку Кеӊеш жыйынында талапкерлиги Президент тарабынан көрсөтүлгөн Касымалиев Мукамбет Шадыканович, Борбукеева Мээргүл Рыскулбековна, Жумабаев Латип Пазылович Конституциялык палатанын судьялыгына 7 жылдык мөөнөт менен шайланышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтому кабыл алынды.

Талапкерлерди депутаттарга Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды. Ал Конституциялык палатасынын судьялыгына талапкерлердин билими менен тажрыйбасы жетиштүү экенин, алар бул кызматка татыктуу экенин иш жүзүндө көрсөтө алышканын, ошондон улам мамлекет башчысы аларга ишеним көрсөтүп жатканын белгиледи.

Талапкерлер депутаттардын буга чейинки иш тажрыйбалары, Конституциялык палатанын иш-милдеттери, мыйзамдарда орун алган оош-кыйыштар, судьялардын аларга карата мамилеси, жарандар тарабынан судьялардын дарегине айтылган сын-пикирлер, өздөрүнүн тапшырган бирдиктүү салыктык декларациялары, ар жылдык жеке кирешелери жөнүндө суроолоруна жооп беришти.

Ошентип, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына жаңы шайланган Мукамбет Касымалиев, Мээргүл Борбукеева, Латип Жумабаев парламентте ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Белгилей кетсек, «Жогорку соттун судьясынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы кызматына сунушталган талапкер Жогорку Кеӊеш тарабынан шайланып, парламентте ант берген соӊ, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.