Хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионаты Бишкекте өтпөй калды

Окуялар тизмеги 27 Фев 2020 17:47
0 ой-пикир

Бишкекте өтө турчу хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионаты жылдырылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-5-март күндөрү өтө турган чемпионат май айына жылдырылган.

Мындай чечимге коронавирустун дүйнөгө тездик менен тарашы себеп болгон. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкуловдун жетекчилиги астында өткөн ыкчам жыйында аталган мелдешти өткөрбөө боюнча чечим кабыл алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.