УКМКнын абагында кармалып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев китеп жазып жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Адвокаттын айтымында, китеп автордун бала-чагы, мектептеги жылдары тууралуу болот. Учурда китептин жарымынан көбү жазылган.
“Китеп жазуу үчүн ага атайын дептерлер берилген. Анын саламаттыгы оорлошконуна карабай, китепти өз колу менен жазууда” – дейт Жоошев.
Ошондой эле Атамбаев айыптоолорду моюнга албай, кылмыштарды жасоого айыптоо боюнча айып актысына кол коюудан баш тарткандыгын адвокат кошумчалады.
Эскерте кетсек, 2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.
Бул окуядан кийин Алмазбек Атамбаев жана анын бир нече тарапкери камакка алынган.