Оштогу каналдан аял кишинин сөөгү табылды

Окуялар тизмеги 25 Фев 2020 12:33
0 ой-пикир

Ош шаарындагы каналдан 46 жаштагы аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 24-февралда саат 19:58де куткаруучуларга  «Ак-Тилек» кичи районундагы Кайырма каналында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу кабар келген.

Жерине КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, 1974-жылы туулган аттуу аял кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.