Чубак Ажы парламенттик шайлоого аттандыбы?

Окуялар тизмеги 24 Фев 2020 12:51
0 ой-пикир

Чубак ажы Жалилов, “Марал” радиосунун эфиринде угармандардын суроолоруна жооп берип жатып,  быйыл октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого талапкер катары барып калышы мүмкүн экенин айтты.

“Убакыт көргөзөт. Эгер, Жогорку Кеңеште өлкөбүзгө көбүрөөк пайда тийгизе ала турганыбызга көзүбүз жетсе анда, аракет кылабыз. Эгерде, ал жакка барбастан, ушул чөйрөдө, ушул жерде жүргөнүбүз пайдалуурак болсо, анда ошентебиз. Мунун баары, элге жерге кантип пайда тийгизем дегендин айланасында болуш керек да.

Молдо дегенде, сөзсүз эле мечитке отуруп алган шарт эмес. Же саясат, парламент ошол молдо эместерге же намаз окубагандарга байлап берген менчиги эмес. Бул бардык кыргыз жарандарынын укугу, эгер, “барам” десе. Балким, убагы келгенде ылайык болуп калышым мүмкүн. Эмне үчүн саясат бирөөнүн энчиси болуш керек, карапайым адамдар карапайым болуп кала бериш керек”, – дейт диний аалым.

Белгилей кетсек, кайсы бир партия таасирдүү диний аалымды байрак кылып көтөрүп, шайлоого аттанышы Конституциянын талаптарына туура келеби? Дин менен саясаттын түздөн-түз аралашуусу светтик мамлекеттин түзүлүшү жол береби? Ажылар да саясатка киришип, шарият менен жашоого үндөй башташбайбы?

Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасы мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган унитардык, социалдык мамлекет болуп эсептелет. Айтор, чийеленген соболдорду чечүү керек. Ошондо гана Чубак ажынын шайлоого аттанар-аттанбасы белгилүү болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.