Шашылыш билдирүү: тоолордо кар көчкү жүрөт

Окуялар тизмеги 23 Фев 2020 13:23
0 ой-пикир

22-25-февраль күндөрү жааган жаан-чачынга жана күндүн ысышына байланыштуу капчыгайлардагы жолдордо кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Жолдор тайгак болот. Мындай шартта автоунаалардын ортосунда аралык 500 метр болушу керек.

“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 23-февралда көпчүлук аймактарда кар, жамгыр жаайт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 1…6;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;

Нарында түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7;

Бийик тоолуу райондордо -16…-21, күндүз -2…-7 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн мезгил-мезгили кар, жаан жаайт. Абанын түнкү температурасы -1…+1 күндүз 9…11 градус болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.