ВИДЕО: УКМКнын алдына Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чыгышты

Окуялар тизмеги 21 Фев 2020 16:44
0 ой-пикир

УКМКнын алдында Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулушту.

Акциянын катышуучулары мурунку мамлекет башчыны үй камагына чыгаруу талабын коюшууда.

Эске салсак, 19-февралда Алмазбек Атамбаевдин уулдары атасынын кан басымы кескин төмөндөп, инфаркт болуу коркунучу туулгандыгын билдиришкен. Маалыматты экс-президенттин адвокаты дагы тастыктаган.

Бирок УКМК Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу канааттандыраарлык экенин, ага дарыгерлер тез-тез көзөмөл салып тураарын билдирген.

Күн мурун Алмазбек Атамбаевге акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери жана кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлдөрү кирип чыгышкан. Алар дагы экс-президенттин ден соолугу начарлап жатканын ырасташкан.

«Апрель» телеканалынын кабарчылары УКМКнын алдына Жогорку Кеңештин депутаттары келгенин билдиришти. Алар Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу боюнча так маалымат алып чыгууга кирип кетишти. Учурда ал жерде Асель Кодуранова, Анвар Артыков жана Рыскелди Момбеков жүрүшөт.

ПРЯМОЙ ЭФИР! Возле здания ГКНБ собрались сторонники Алмазбека Атамбаева.

Опубликовано Телеканал «Апрель» Пятница, 21 февраля 2020 г.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.