IRI уюмунун изилдөөсү: өлкөдөгү эң таасирдүү саясатчы деп Сооронбай Жээнбеков таанылды

Окуялар тизмеги 18 Фев 2020 10:54
1 ой-пикир

Эл аралык Республика институту  (IRI)  2019-жылдын 21-ноябрынан 3-декабрына чейин Кыргызстандын баардык аймактарынан 1 миң 483 жаран арасында сурамжылоо жүргүзгөн.

Маалыматка ылайык, сурамжылоого катышкандардын 64%ы саясий лидер катары Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду айтышкан.

Ал эми экинчи позицияны 62% менен экс-президент Роза Отунбаева, үчүнчү — Өмүрбек Бабанов 58% ээлеген.

Ошондой эле парламент тарабынан чечимди кабыл алуу процессине жарандардын ролу жогору болушу керек дегендердин саны да өскөн. Алар 70%ды түзгөн, 2018-жылы 60% болгон.

Аны менен бирге саясатта жаштардын саны жогору болушун каалагандардын саны 67%дан 80%га өскөн.

IRI уюмунун изилдөөсү: өлкөдөгү эң таасирдүү саясатчы деп Сооронбай Жээнбеков таанылды” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Султанмурат

    Президент Сооронбай Жеенбеков жакшы иштеп жатат бирок командасы алсыз бул менин оюм

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.