Эл аралык Республика институту (IRI) 2019-жылдын 21-ноябрынан 3-декабрына чейин Кыргызстандын баардык аймактарынан 1 миң 483 жаран арасында сурамжылоо жүргүзгөн.
Маалыматка ылайык, сурамжылоого катышкандардын 64%ы саясий лидер катары Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду айтышкан.
Ал эми экинчи позицияны 62% менен экс-президент Роза Отунбаева, үчүнчү — Өмүрбек Бабанов 58% ээлеген.

Ошондой эле парламент тарабынан чечимди кабыл алуу процессине жарандардын ролу жогору болушу керек дегендердин саны да өскөн. Алар 70%ды түзгөн, 2018-жылы 60% болгон.
Аны менен бирге саясатта жаштардын саны жогору болушун каалагандардын саны 67%дан 80%га өскөн.
Президент Сооронбай Жеенбеков жакшы иштеп жатат бирок командасы алсыз бул менин оюм