Фейсбук ар күнү миллиондой фейк аккаунттарды өчүрүүдө

Аалам, Окуялар тизмеги 17 Фев 2020 12:29
0 ой-пикир

«Фейсбуктун» негиздөөчүсү Марк Цукерберг ар күнү администраторлор миллиондогон фейк аккаунтту өчүрөрүн, алардын бир бөлүгү саясий кампаниялар менен байланыштуу экенин билдирди.

«Учурда биз күнүгө миллиондой жалган аккаунттарды өчүрүүдөбүз. Көпчүлүгү катталган соң бир нече мүнөттөн кийин эле билинет. Алардын негизги бөлүгү шайлоолорго таасир этүүгө аракет жасаган мамлекеттик субъектилер менен байланышта эмес. Алар ар кандай иш жасоону көздөгөн спамерлер жана кишилер. Бирок, албетте, айрымдары — өкмөттүк кампаниялардын бир бөлүгү», — деди ал Мюнхенде өткөн коопсуздук тууралуу конференцияда.

Анын айтымында, «Фейсбук» 2016-жылы АКШда өткөн шайлоолордогу жаңжалдан кийин колдонуучулардын активдүүлүгүнө байкоо жүргүзүү саясатын жана алгоритмин өзгөрткөн. Анда Орусия шайлоо кампаниясына кийлигишүүгө, бул иште «Фейсбукту» да колдонууга айыпталган. Мындан соң Цукерберг Конгрессте көрсөтмө берген.

Цукерберг буга чейин маалымдагандай, 2016-жылдан тарта «Фейсбук» жарнама саясатын да өзгөрткөн. Саясий жарнама берүүнү каалаган ар бир колдонуучу уруксат алып, жеке маалыматтарын жана жашаган жерин ырасташы абзел. Жарнама лентада так белгиленип, колдонуучулар ал үчүн ким акча төлөгөнүн көрө алышат.

Булак: «Замана»

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.